Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Hajj Ayahs #46 Translated in Kyrgyz

وَإِنْ يُكَذِّبُوكَ فَقَدْ كَذَّبَتْ قَبْلَهُمْ قَوْمُ نُوحٍ وَعَادٌ وَثَمُودُ
(О, Мухаммад) эгер (каапырлар) сени «жалганчы» деген болсо, (ызааланба). Алардан мурда Нух коому, Аад менен Самуд (элдери да пайгамбарларын) «жалганчы» дешкен
وَقَوْمُ إِبْرَاهِيمَ وَقَوْمُ لُوطٍ
Ибрахимдин, Луттун коомдору дагы (пайгамбарларын) жалганчыга чыгарышкан
وَأَصْحَابُ مَدْيَنَ ۖ وَكُذِّبَ مُوسَىٰ فَأَمْلَيْتُ لِلْكَافِرِينَ ثُمَّ أَخَذْتُهُمْ ۖ فَكَيْفَ كَانَ نَكِيرِ
Мадян (шаарынын) ээлери дагы (пайгамбарларына «жалганчы» деп доомат кылышкан) Мусаны деле жалганчыга чыгарышкан. Анан Мен каапырларга (бир аз) мөөнөт бердим. (Эми «бизге ажал келбейт экен» деп бейкапар болушканда) Аларды (азап менен) кармадым. Эми, Менин чанганым кандай болгон(ун бир көрсөң эле)
فَكَأَيِّنْ مِنْ قَرْيَةٍ أَهْلَكْنَاهَا وَهِيَ ظَالِمَةٌ فَهِيَ خَاوِيَةٌ عَلَىٰ عُرُوشِهَا وَبِئْرٍ مُعَطَّلَةٍ وَقَصْرٍ مَشِيدٍ
Биз нечендеген шаарларды кыйратып салдык! Алар заалым болчу. Эми (азыр) алардын чатырлары кулаган. (Дагы нечендеген) таштанды кудуктар, бийик-бийик (бирок ээси жок) сарайлар бар
أَفَلَمْ يَسِيرُوا فِي الْأَرْضِ فَتَكُونَ لَهُمْ قُلُوبٌ يَعْقِلُونَ بِهَا أَوْ آذَانٌ يَسْمَعُونَ بِهَا ۖ فَإِنَّهَا لَا تَعْمَى الْأَبْصَارُ وَلَٰكِنْ تَعْمَى الْقُلُوبُ الَّتِي فِي الصُّدُورِ
(Каапырлар) жер жүзүн кыдырып көрүшпөйбү?! Ошондо аларга сергек жүрөктөр же болбосо, угар кулактар болмок эле! Чынында, көздөр сокур болбойт, көкүрөктөгү жүрөктөр сокур болот

Choose other languages: