Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Hajj Ayahs #45 Translated in Kyrgyz

الَّذِينَ إِنْ مَكَّنَّاهُمْ فِي الْأَرْضِ أَقَامُوا الصَّلَاةَ وَآتَوُا الزَّكَاةَ وَأَمَرُوا بِالْمَعْرُوفِ وَنَهَوْا عَنِ الْمُنْكَرِ ۗ وَلِلَّهِ عَاقِبَةُ الْأُمُورِ
Алар жерде бекем орноштуруп койгонубузда намаздарын толук окуган, зекет берген, жакшылыктарга буюруп, жамандыктардан кайтарган адамдар. Иштердин акыбети Аллаһтын Колунда
وَإِنْ يُكَذِّبُوكَ فَقَدْ كَذَّبَتْ قَبْلَهُمْ قَوْمُ نُوحٍ وَعَادٌ وَثَمُودُ
(О, Мухаммад) эгер (каапырлар) сени «жалганчы» деген болсо, (ызааланба). Алардан мурда Нух коому, Аад менен Самуд (элдери да пайгамбарларын) «жалганчы» дешкен
وَقَوْمُ إِبْرَاهِيمَ وَقَوْمُ لُوطٍ
Ибрахимдин, Луттун коомдору дагы (пайгамбарларын) жалганчыга чыгарышкан
وَأَصْحَابُ مَدْيَنَ ۖ وَكُذِّبَ مُوسَىٰ فَأَمْلَيْتُ لِلْكَافِرِينَ ثُمَّ أَخَذْتُهُمْ ۖ فَكَيْفَ كَانَ نَكِيرِ
Мадян (шаарынын) ээлери дагы (пайгамбарларына «жалганчы» деп доомат кылышкан) Мусаны деле жалганчыга чыгарышкан. Анан Мен каапырларга (бир аз) мөөнөт бердим. (Эми «бизге ажал келбейт экен» деп бейкапар болушканда) Аларды (азап менен) кармадым. Эми, Менин чанганым кандай болгон(ун бир көрсөң эле)
فَكَأَيِّنْ مِنْ قَرْيَةٍ أَهْلَكْنَاهَا وَهِيَ ظَالِمَةٌ فَهِيَ خَاوِيَةٌ عَلَىٰ عُرُوشِهَا وَبِئْرٍ مُعَطَّلَةٍ وَقَصْرٍ مَشِيدٍ
Биз нечендеген шаарларды кыйратып салдык! Алар заалым болчу. Эми (азыр) алардын чатырлары кулаган. (Дагы нечендеген) таштанды кудуктар, бийик-бийик (бирок ээси жок) сарайлар бар

Choose other languages: