Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Hadid Ayahs #19 Translated in Kyrgyz

فَالْيَوْمَ لَا يُؤْخَذُ مِنْكُمْ فِدْيَةٌ وَلَا مِنَ الَّذِينَ كَفَرُوا ۚ مَأْوَاكُمُ النَّارُ ۖ هِيَ مَوْلَاكُمْ ۖ وَبِئْسَ الْمَصِيرُ
Эми ал (силер азапка салынчу) күнү силерден да, каапырлардан да фидья! (кабыл) алынбайт. Жайыңар тозок! Ошол гана силерге ылайык! Кандай жаман орун
أَلَمْ يَأْنِ لِلَّذِينَ آمَنُوا أَنْ تَخْشَعَ قُلُوبُهُمْ لِذِكْرِ اللَّهِ وَمَا نَزَلَ مِنَ الْحَقِّ وَلَا يَكُونُوا كَالَّذِينَ أُوتُوا الْكِتَابَ مِنْ قَبْلُ فَطَالَ عَلَيْهِمُ الْأَمَدُ فَقَسَتْ قُلُوبُهُمْ ۖ وَكَثِيرٌ مِنْهُمْ فَاسِقُونَ
Ыймандуу адамдар үчүн, мурдагы китеп элдери сыяктуу болбой, жүрөктөрү Аллаһтын зикири менен (Андан) түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен! Аларга (китеп элдерине каапырчылык) доору узун болуп, жүрөктөрү катып калган эле. Алардын көпчүлүгү бузукулар
اعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ يُحْيِي الْأَرْضَ بَعْدَ مَوْتِهَا ۚ قَدْ بَيَّنَّا لَكُمُ الْآيَاتِ لَعَلَّكُمْ تَعْقِلُونَ
Билип алгыла, чынында Аллаһ өлүк жерди (жамгыр менен) тирилтти. Акылыңарга келээрсиңер деп (кудуретибизге) далилдерди (ушинтип) баян кылдык
إِنَّ الْمُصَّدِّقِينَ وَالْمُصَّدِّقَاتِ وَأَقْرَضُوا اللَّهَ قَرْضًا حَسَنًا يُضَاعَفُ لَهُمْ وَلَهُمْ أَجْرٌ كَرِيمٌ
Албетте, садака кылган эркектер менен садака кылган аялдарга жана Аллаһга жакшына карыз бергендерге (Аллаһ) ашыгы менен кайтарат. Жана аларга улуу сыйлык (Бейиш) бар
وَالَّذِينَ آمَنُوا بِاللَّهِ وَرُسُلِهِ أُولَٰئِكَ هُمُ الصِّدِّيقُونَ ۖ وَالشُّهَدَاءُ عِنْدَ رَبِّهِمْ لَهُمْ أَجْرُهُمْ وَنُورُهُمْ ۖ وَالَّذِينَ كَفَرُوا وَكَذَّبُوا بِآيَاتِنَا أُولَٰئِكَ أَصْحَابُ الْجَحِيمِ
Аллаһка жана пайгамбарына ыйман келтиргендер, ошолор гана сыддыктар!! Шахиддерге болсо, Раббисинин алдында(өзгөчө) сооптору жана нурлары бар! Ал эми, капыр болуп, Биздин аяттарыбызды «жалган» дегендер — алар тозок ээлери

Choose other languages: