Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Hadid Ayahs #18 Translated in Kyrgyz

يُنَادُونَهُمْ أَلَمْ نَكُنْ مَعَكُمْ ۖ قَالُوا بَلَىٰ وَلَٰكِنَّكُمْ فَتَنْتُمْ أَنْفُسَكُمْ وَتَرَبَّصْتُمْ وَارْتَبْتُمْ وَغَرَّتْكُمُ الْأَمَانِيُّ حَتَّىٰ جَاءَ أَمْرُ اللَّهِ وَغَرَّكُمْ بِاللَّهِ الْغَرُورُ
(Мунафыктар) айтышат: «(Дүйнөдө) силер менен бирге эмес белек?! «Ооба. (Сыртыңардан гана биз менен бирге (мусулман) болгонсуңар). Бирок, (мунафыктык менен) өзүңөрдү азгырып, (Исламга зыян келишин) күтүп, шектенгенсиңер жана силерди, Аллаһтын буйругу (өлүм) келгенге чейин жалганчы кыялдар алдаган. Шайтан дагы силерге Аллаһ жөнүндө жалган сүйлөгөн» дешет (ыймандуулар)
فَالْيَوْمَ لَا يُؤْخَذُ مِنْكُمْ فِدْيَةٌ وَلَا مِنَ الَّذِينَ كَفَرُوا ۚ مَأْوَاكُمُ النَّارُ ۖ هِيَ مَوْلَاكُمْ ۖ وَبِئْسَ الْمَصِيرُ
Эми ал (силер азапка салынчу) күнү силерден да, каапырлардан да фидья! (кабыл) алынбайт. Жайыңар тозок! Ошол гана силерге ылайык! Кандай жаман орун
أَلَمْ يَأْنِ لِلَّذِينَ آمَنُوا أَنْ تَخْشَعَ قُلُوبُهُمْ لِذِكْرِ اللَّهِ وَمَا نَزَلَ مِنَ الْحَقِّ وَلَا يَكُونُوا كَالَّذِينَ أُوتُوا الْكِتَابَ مِنْ قَبْلُ فَطَالَ عَلَيْهِمُ الْأَمَدُ فَقَسَتْ قُلُوبُهُمْ ۖ وَكَثِيرٌ مِنْهُمْ فَاسِقُونَ
Ыймандуу адамдар үчүн, мурдагы китеп элдери сыяктуу болбой, жүрөктөрү Аллаһтын зикири менен (Андан) түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен! Аларга (китеп элдерине каапырчылык) доору узун болуп, жүрөктөрү катып калган эле. Алардын көпчүлүгү бузукулар
اعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ يُحْيِي الْأَرْضَ بَعْدَ مَوْتِهَا ۚ قَدْ بَيَّنَّا لَكُمُ الْآيَاتِ لَعَلَّكُمْ تَعْقِلُونَ
Билип алгыла, чынында Аллаһ өлүк жерди (жамгыр менен) тирилтти. Акылыңарга келээрсиңер деп (кудуретибизге) далилдерди (ушинтип) баян кылдык
إِنَّ الْمُصَّدِّقِينَ وَالْمُصَّدِّقَاتِ وَأَقْرَضُوا اللَّهَ قَرْضًا حَسَنًا يُضَاعَفُ لَهُمْ وَلَهُمْ أَجْرٌ كَرِيمٌ
Албетте, садака кылган эркектер менен садака кылган аялдарга жана Аллаһга жакшына карыз бергендерге (Аллаһ) ашыгы менен кайтарат. Жана аларга улуу сыйлык (Бейиш) бар

Choose other languages: