Surah Al-Baqara Ayahs #83 Translated in Kyrgyz
فَوَيْلٌ لِلَّذِينَ يَكْتُبُونَ الْكِتَابَ بِأَيْدِيهِمْ ثُمَّ يَقُولُونَ هَٰذَا مِنْ عِنْدِ اللَّهِ لِيَشْتَرُوا بِهِ ثَمَنًا قَلِيلًا ۖ فَوَيْلٌ لَهُمْ مِمَّا كَتَبَتْ أَيْدِيهِمْ وَوَيْلٌ لَهُمْ مِمَّا يَكْسِبُونَ
Өз колдору менен китеп жазып, аны арзыбаган баага сатуу үчүн “Бул Аллаһтан келген (китеп)” дей турган адамдарга катуу азап (тозок) болсун! Аларга өз колдору менен жазгандары (ыйык китепти бурмалагандары) үчүн азап болсун! Аларга (арамдан) тапкан пайдалары үчүн азап болсун
وَقَالُوا لَنْ تَمَسَّنَا النَّارُ إِلَّا أَيَّامًا مَعْدُودَةً ۚ قُلْ أَتَّخَذْتُمْ عِنْدَ اللَّهِ عَهْدًا فَلَنْ يُخْلِفَ اللَّهُ عَهْدَهُ ۖ أَمْ تَقُولُونَ عَلَى اللَّهِ مَا لَا تَعْلَمُونَ
(Китеп ээлери) “Бизди тозок кармабайт, кармаса да (анда) саналуу күндөр (гана болобуз)” дешет. (О, Мухаммад) Сен айткын: “Эмне, силер Аллаһтан убада-келишим алдыңар беле?! (Ыйман келтиргениңер чын болсо), Аллаһ эч качан убадасына кыянат кылбайт. Же болбосо, өзүңөр билбеген нерселерди Аллаһка (оодарып) сүйлөп жатасыңарбы
بَلَىٰ مَنْ كَسَبَ سَيِّئَةً وَأَحَاطَتْ بِهِ خَطِيئَتُهُ فَأُولَٰئِكَ أَصْحَابُ النَّارِ ۖ هُمْ فِيهَا خَالِدُونَ
Жок! (Андай эмес!) Ким бир күнөө (ширк) кылса жана күнөөлөрү аны ороп-чырмап алган болсо, тозоку болушат жана анда түбөлүк калышат
وَالَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ أُولَٰئِكَ أَصْحَابُ الْجَنَّةِ ۖ هُمْ فِيهَا خَالِدُونَ
Ал эми, (Аллаһка, периштелерге, китептерге, пайгамбарларга) ыйман келтирип, салих (жакшы)! амалдарды жасагандар Бейиш ээлери жана анда түбөлүк калышат
وَإِذْ أَخَذْنَا مِيثَاقَ بَنِي إِسْرَائِيلَ لَا تَعْبُدُونَ إِلَّا اللَّهَ وَبِالْوَالِدَيْنِ إِحْسَانًا وَذِي الْقُرْبَىٰ وَالْيَتَامَىٰ وَالْمَسَاكِينِ وَقُولُوا لِلنَّاسِ حُسْنًا وَأَقِيمُوا الصَّلَاةَ وَآتُوا الزَّكَاةَ ثُمَّ تَوَلَّيْتُمْ إِلَّا قَلِيلًا مِنْكُمْ وَأَنْتُمْ مُعْرِضُونَ
Эстегиле, Биз Исрайил урпактарынан “Аллаһтан башка Кудайга сыйынбагыла, ата-энеңерге, тууган-уругуңарга, жетимдерге, бей-бечараларга эхсан-жакшылык кылгыла, адамдарга жакшы сөз айткыла, намазды толук аткаргыла жана зекетти бергиле” деп ант-убада алган элек. Кийин силер — бир аз кишиден башкаңар — жүзүңөрдү үйрүп (каапыр болуп) кеттиңер
Choose other languages:

Albanian

Amharic

Azerbaijani

Bengali

Bosnian

Bulgarian

Burmese

Chinese

Danish

Dutch

English

Farsi

Filipino

French

Fulah

German

Gujarati

Hausa

Hindi

Indonesian

Italian

Japanese

Jawa

Kazakh

Khmer

Korean

Kurdish

Kyrgyz

Malay

Malayalam

Norwegian

Pashto

Persian

Polish

Portuguese

Punjabi

Russian

Sindhi

Sinhalese

Somali

Spanish

Swahili

Swedish

Tajik

Tamil

Tatar

Telugu

Thai

Turkish

Urdu

Uyghur

Uzbek

Vietnamese

Yoruba
