Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Baqara Ayahs #82 Translated in Kyrgyz

وَمِنْهُمْ أُمِّيُّونَ لَا يَعْلَمُونَ الْكِتَابَ إِلَّا أَمَانِيَّ وَإِنْ هُمْ إِلَّا يَظُنُّونَ
Алардын арасында сабатсыздары да бар. Алар китепти (Тооратты) билишпейт. Жалаң күмөндөрдү гана билишет. Алар (пайгамбарчылык жөнүндө) күмөндө гана болушат
فَوَيْلٌ لِلَّذِينَ يَكْتُبُونَ الْكِتَابَ بِأَيْدِيهِمْ ثُمَّ يَقُولُونَ هَٰذَا مِنْ عِنْدِ اللَّهِ لِيَشْتَرُوا بِهِ ثَمَنًا قَلِيلًا ۖ فَوَيْلٌ لَهُمْ مِمَّا كَتَبَتْ أَيْدِيهِمْ وَوَيْلٌ لَهُمْ مِمَّا يَكْسِبُونَ
Өз колдору менен китеп жазып, аны арзыбаган баага сатуу үчүн “Бул Аллаһтан келген (китеп)” дей турган адамдарга катуу азап (тозок) болсун! Аларга өз колдору менен жазгандары (ыйык китепти бурмалагандары) үчүн азап болсун! Аларга (арамдан) тапкан пайдалары үчүн азап болсун
وَقَالُوا لَنْ تَمَسَّنَا النَّارُ إِلَّا أَيَّامًا مَعْدُودَةً ۚ قُلْ أَتَّخَذْتُمْ عِنْدَ اللَّهِ عَهْدًا فَلَنْ يُخْلِفَ اللَّهُ عَهْدَهُ ۖ أَمْ تَقُولُونَ عَلَى اللَّهِ مَا لَا تَعْلَمُونَ
(Китеп ээлери) “Бизди тозок кармабайт, кармаса да (анда) саналуу күндөр (гана болобуз)” дешет. (О, Мухаммад) Сен айткын: “Эмне, силер Аллаһтан убада-келишим алдыңар беле?! (Ыйман келтиргениңер чын болсо), Аллаһ эч качан убадасына кыянат кылбайт. Же болбосо, өзүңөр билбеген нерселерди Аллаһка (оодарып) сүйлөп жатасыңарбы
بَلَىٰ مَنْ كَسَبَ سَيِّئَةً وَأَحَاطَتْ بِهِ خَطِيئَتُهُ فَأُولَٰئِكَ أَصْحَابُ النَّارِ ۖ هُمْ فِيهَا خَالِدُونَ
Жок! (Андай эмес!) Ким бир күнөө (ширк) кылса жана күнөөлөрү аны ороп-чырмап алган болсо, тозоку болушат жана анда түбөлүк калышат
وَالَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ أُولَٰئِكَ أَصْحَابُ الْجَنَّةِ ۖ هُمْ فِيهَا خَالِدُونَ
Ал эми, (Аллаһка, периштелерге, китептерге, пайгамбарларга) ыйман келтирип, салих (жакшы)! амалдарды жасагандар Бейиш ээлери жана анда түбөлүк калышат

Choose other languages: