Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Baqara Ayahs #53 Translated in Kyrgyz

وَإِذْ نَجَّيْنَاكُمْ مِنْ آلِ فِرْعَوْنَ يَسُومُونَكُمْ سُوءَ الْعَذَابِ يُذَبِّحُونَ أَبْنَاءَكُمْ وَيَسْتَحْيُونَ نِسَاءَكُمْ ۚ وَفِي ذَٰلِكُمْ بَلَاءٌ مِنْ رَبِّكُمْ عَظِيمٌ
(О, Исрайил урпактары!) Эстегиле: силерди Фираун адамдарынан Биз куткардык. Ал силерди катуу азапка салып иштетип, балдарыңарды союп, аялдарыңарды тирүү калтырган.! Мында Раббиңер тарабынан чоң жакшылык бар эле
وَإِذْ فَرَقْنَا بِكُمُ الْبَحْرَ فَأَنْجَيْنَاكُمْ وَأَغْرَقْنَا آلَ فِرْعَوْنَ وَأَنْتُمْ تَنْظُرُونَ
Эстегиле: силер үчүн деңизди бөлүп, силерди куткардык жана Фираун аскерлерин чөктүрүп жибердик. Муну силер көрүп турдуңар
وَإِذْ وَاعَدْنَا مُوسَىٰ أَرْبَعِينَ لَيْلَةً ثُمَّ اتَّخَذْتُمُ الْعِجْلَ مِنْ بَعْدِهِ وَأَنْتُمْ ظَالِمُونَ
Биз Муса менен кырк күнгө убадалаштык. Ал кетээри менен силер (билип туруп) өзүңөргө зулум кылган абалда музоону кудай кылып алдыңар
ثُمَّ عَفَوْنَا عَنْكُمْ مِنْ بَعْدِ ذَٰلِكَ لَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ
Кийин Биз силерди ушундан соң шүгүр кылаарсыңар деп кечирдик
وَإِذْ آتَيْنَا مُوسَى الْكِتَابَ وَالْفُرْقَانَ لَعَلَّكُمْ تَهْتَدُونَ
Ошондо, туура жолго түшөөрсүңөр деп Биз Мусага китепти жана Фурканды (жакшылык менен жамандыктын арасын ажыратууну) бердик

Choose other languages: