Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Baqara Ayahs #54 Translated in Kyrgyz

وَإِذْ فَرَقْنَا بِكُمُ الْبَحْرَ فَأَنْجَيْنَاكُمْ وَأَغْرَقْنَا آلَ فِرْعَوْنَ وَأَنْتُمْ تَنْظُرُونَ
Эстегиле: силер үчүн деңизди бөлүп, силерди куткардык жана Фираун аскерлерин чөктүрүп жибердик. Муну силер көрүп турдуңар
وَإِذْ وَاعَدْنَا مُوسَىٰ أَرْبَعِينَ لَيْلَةً ثُمَّ اتَّخَذْتُمُ الْعِجْلَ مِنْ بَعْدِهِ وَأَنْتُمْ ظَالِمُونَ
Биз Муса менен кырк күнгө убадалаштык. Ал кетээри менен силер (билип туруп) өзүңөргө зулум кылган абалда музоону кудай кылып алдыңар
ثُمَّ عَفَوْنَا عَنْكُمْ مِنْ بَعْدِ ذَٰلِكَ لَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ
Кийин Биз силерди ушундан соң шүгүр кылаарсыңар деп кечирдик
وَإِذْ آتَيْنَا مُوسَى الْكِتَابَ وَالْفُرْقَانَ لَعَلَّكُمْ تَهْتَدُونَ
Ошондо, туура жолго түшөөрсүңөр деп Биз Мусага китепти жана Фурканды (жакшылык менен жамандыктын арасын ажыратууну) бердик
وَإِذْ قَالَ مُوسَىٰ لِقَوْمِهِ يَا قَوْمِ إِنَّكُمْ ظَلَمْتُمْ أَنْفُسَكُمْ بِاتِّخَاذِكُمُ الْعِجْلَ فَتُوبُوا إِلَىٰ بَارِئِكُمْ فَاقْتُلُوا أَنْفُسَكُمْ ذَٰلِكُمْ خَيْرٌ لَكُمْ عِنْدَ بَارِئِكُمْ فَتَابَ عَلَيْكُمْ ۚ إِنَّهُ هُوَ التَّوَّابُ الرَّحِيمُ
Ошол кезде Муса коомуна айтты: «О, коомум! Силер музоону кудай кылып алууңар менен өзүңөргө зулум кылдыңар! Эми Жаратуучуңарга тообо кылгыла, өзүңөрдү (ыймандуулар каапырларды) өлтүргүлө! Жаратуучуңардын эсебинде ушул силер үчүн жакшыраак. Аллаһ тообаңарды кабыл кылды! Ал —тообаларды кабыл кылуучу, Мээримдүү

Choose other languages: