Surah Al-Baqara Ayahs #264 Translated in Kyrgyz
وَإِذْ قَالَ إِبْرَاهِيمُ رَبِّ أَرِنِي كَيْفَ تُحْيِي الْمَوْتَىٰ ۖ قَالَ أَوَلَمْ تُؤْمِنْ ۖ قَالَ بَلَىٰ وَلَٰكِنْ لِيَطْمَئِنَّ قَلْبِي ۖ قَالَ فَخُذْ أَرْبَعَةً مِنَ الطَّيْرِ فَصُرْهُنَّ إِلَيْكَ ثُمَّ اجْعَلْ عَلَىٰ كُلِّ جَبَلٍ مِنْهُنَّ جُزْءًا ثُمَّ ادْعُهُنَّ يَأْتِينَكَ سَعْيًا ۚ وَاعْلَمْ أَنَّ اللَّهَ عَزِيزٌ حَكِيمٌ
Эстегин, Ибрахим: «О, Раббим! Мага өлүктөрдү кандай тирилтээриңди көргөз» дегенде, (Аллаһ): «Ишенбей жатасыңбы?» деди. Ибрахим айтты: «Жок, андай эмес, бирок жүрөгүм бейпил болушу үчүн (сурап жатамын)». (Аллаһ) айтты: «Куштан төрттү карма дагы, аларды өзүңө жакындатып (союп, жиликтеп,) ар бир тоого алардын бөлүктөрүн (чачып) ташта. Анан аларды (өз аттары менен) чакыр — сага тез (учуп) келишет. Жана билип койгун, Аллаһ — Кудуреттүү, Даанышман
مَثَلُ الَّذِينَ يُنْفِقُونَ أَمْوَالَهُمْ فِي سَبِيلِ اللَّهِ كَمَثَلِ حَبَّةٍ أَنْبَتَتْ سَبْعَ سَنَابِلَ فِي كُلِّ سُنْبُلَةٍ مِائَةُ حَبَّةٍ ۗ وَاللَّهُ يُضَاعِفُ لِمَنْ يَشَاءُ ۗ وَاللَّهُ وَاسِعٌ عَلِيمٌ
Мал-дүйнөлөрүн Аллаһ жолунда сарптаган кишилердин мисалы жети машакты өндүргөн бир дан сыяктуу. Ар бир машакта жүздөн дан болот. Аллаһ каалаган пендесине (ушул сыяктуу) көбөйтүп берет. Аллаһ(тын пейили, илими) Кенен (жана) Билүүчү
الَّذِينَ يُنْفِقُونَ أَمْوَالَهُمْ فِي سَبِيلِ اللَّهِ ثُمَّ لَا يُتْبِعُونَ مَا أَنْفَقُوا مَنًّا وَلَا أَذًى ۙ لَهُمْ أَجْرُهُمْ عِنْدَ رَبِّهِمْ وَلَا خَوْفٌ عَلَيْهِمْ وَلَا هُمْ يَحْزَنُونَ
Мал-дүйнөсүн Аллаһ жолунда сарп кылып, артынан колко кылбаган жана заар сөздү ээрчитпеген адамдар үчүн Раббисинин алдында (көптөн-көп) сооптор бар. Жана аларга эч коркунуч жок жана алар кайгы-капага да батышпайт
قَوْلٌ مَعْرُوفٌ وَمَغْفِرَةٌ خَيْرٌ مِنْ صَدَقَةٍ يَتْبَعُهَا أَذًى ۗ وَاللَّهُ غَنِيٌّ حَلِيمٌ
Ширин сөз жана кечирүү -(өзүнүн артынан) заар сөз ээрчиген садакадан жакшы. Аллаһ — Беймуктаж (жана пейили) Жумшак
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تُبْطِلُوا صَدَقَاتِكُمْ بِالْمَنِّ وَالْأَذَىٰ كَالَّذِي يُنْفِقُ مَالَهُ رِئَاءَ النَّاسِ وَلَا يُؤْمِنُ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ ۖ فَمَثَلُهُ كَمَثَلِ صَفْوَانٍ عَلَيْهِ تُرَابٌ فَأَصَابَهُ وَابِلٌ فَتَرَكَهُ صَلْدًا ۖ لَا يَقْدِرُونَ عَلَىٰ شَيْءٍ مِمَّا كَسَبُوا ۗ وَاللَّهُ لَا يَهْدِي الْقَوْمَ الْكَافِرِينَ
О, ыйман келтирген адамдар! Аллаһка жана Акырет күнүнө ишенбеген жана мал-дүйнөсүн, адамдарга элкөрсүн үчүн садака! кылуучу кишилерге окшоп (берген) садакаңарды колко кылуу жана заар сөз менен жокко чыгарып албагыла! Анын мисалы-үстүн топурак баскан аска-таш сыяктуу. Качан ага кара нөшөр жамгыр жааса (жууп) жылаңачтап койот. (Ушуга окшош) алар жасаган иштеринен эч нерсеге ээ болбой (куржалак) калышат. Аллаһ каапыр коомдорду туура жолго баштабайт
Choose other languages:

Albanian

Amharic

Azerbaijani

Bengali

Bosnian

Bulgarian

Burmese

Chinese

Danish

Dutch

English

Farsi

Filipino

French

Fulah

German

Gujarati

Hausa

Hindi

Indonesian

Italian

Japanese

Jawa

Kazakh

Khmer

Korean

Kurdish

Kyrgyz

Malay

Malayalam

Norwegian

Pashto

Persian

Polish

Portuguese

Punjabi

Russian

Sindhi

Sinhalese

Somali

Spanish

Swahili

Swedish

Tajik

Tamil

Tatar

Telugu

Thai

Turkish

Urdu

Uyghur

Uzbek

Vietnamese

Yoruba
