Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Baqara Ayahs #265 Translated in Kyrgyz

مَثَلُ الَّذِينَ يُنْفِقُونَ أَمْوَالَهُمْ فِي سَبِيلِ اللَّهِ كَمَثَلِ حَبَّةٍ أَنْبَتَتْ سَبْعَ سَنَابِلَ فِي كُلِّ سُنْبُلَةٍ مِائَةُ حَبَّةٍ ۗ وَاللَّهُ يُضَاعِفُ لِمَنْ يَشَاءُ ۗ وَاللَّهُ وَاسِعٌ عَلِيمٌ
Мал-дүйнөлөрүн Аллаһ жолунда сарптаган кишилердин мисалы жети машакты өндүргөн бир дан сыяктуу. Ар бир машакта жүздөн дан болот. Аллаһ каалаган пендесине (ушул сыяктуу) көбөйтүп берет. Аллаһ(тын пейили, илими) Кенен (жана) Билүүчү
الَّذِينَ يُنْفِقُونَ أَمْوَالَهُمْ فِي سَبِيلِ اللَّهِ ثُمَّ لَا يُتْبِعُونَ مَا أَنْفَقُوا مَنًّا وَلَا أَذًى ۙ لَهُمْ أَجْرُهُمْ عِنْدَ رَبِّهِمْ وَلَا خَوْفٌ عَلَيْهِمْ وَلَا هُمْ يَحْزَنُونَ
Мал-дүйнөсүн Аллаһ жолунда сарп кылып, артынан колко кылбаган жана заар сөздү ээрчитпеген адамдар үчүн Раббисинин алдында (көптөн-көп) сооптор бар. Жана аларга эч коркунуч жок жана алар кайгы-капага да батышпайт
قَوْلٌ مَعْرُوفٌ وَمَغْفِرَةٌ خَيْرٌ مِنْ صَدَقَةٍ يَتْبَعُهَا أَذًى ۗ وَاللَّهُ غَنِيٌّ حَلِيمٌ
Ширин сөз жана кечирүү -(өзүнүн артынан) заар сөз ээрчиген садакадан жакшы. Аллаһ — Беймуктаж (жана пейили) Жумшак
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تُبْطِلُوا صَدَقَاتِكُمْ بِالْمَنِّ وَالْأَذَىٰ كَالَّذِي يُنْفِقُ مَالَهُ رِئَاءَ النَّاسِ وَلَا يُؤْمِنُ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ ۖ فَمَثَلُهُ كَمَثَلِ صَفْوَانٍ عَلَيْهِ تُرَابٌ فَأَصَابَهُ وَابِلٌ فَتَرَكَهُ صَلْدًا ۖ لَا يَقْدِرُونَ عَلَىٰ شَيْءٍ مِمَّا كَسَبُوا ۗ وَاللَّهُ لَا يَهْدِي الْقَوْمَ الْكَافِرِينَ
О, ыйман келтирген адамдар! Аллаһка жана Акырет күнүнө ишенбеген жана мал-дүйнөсүн, адамдарга элкөрсүн үчүн садака! кылуучу кишилерге окшоп (берген) садакаңарды колко кылуу жана заар сөз менен жокко чыгарып албагыла! Анын мисалы-үстүн топурак баскан аска-таш сыяктуу. Качан ага кара нөшөр жамгыр жааса (жууп) жылаңачтап койот. (Ушуга окшош) алар жасаган иштеринен эч нерсеге ээ болбой (куржалак) калышат. Аллаһ каапыр коомдорду туура жолго баштабайт
وَمَثَلُ الَّذِينَ يُنْفِقُونَ أَمْوَالَهُمُ ابْتِغَاءَ مَرْضَاتِ اللَّهِ وَتَثْبِيتًا مِنْ أَنْفُسِهِمْ كَمَثَلِ جَنَّةٍ بِرَبْوَةٍ أَصَابَهَا وَابِلٌ فَآتَتْ أُكُلَهَا ضِعْفَيْنِ فَإِنْ لَمْ يُصِبْهَا وَابِلٌ فَطَلٌّ ۗ وَاللَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ بَصِيرٌ
Мал-дүйнөлөрүн Аллаһтын ыраазычылыгын көздөп жана (Аллаһ берчү соопко) бекем - чын ишенимдери менен садака кылган адамдардын мисалы бир бийик, тегиз жердеги бак-бостон сыяктуу. Ага нөшөрлүү жамгыр жааса, түшүмүн эки эсе көп берет. Эгер ага нөшөрлүү жамгыр жетпесе, себелеп жааганы да (пайдалуу) боло берет. Жана Аллаһ силер жасаган (бардык) ишиңерди Көрүүчү

Choose other languages: