Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Baqara Ayahs #240 Translated in Kyrgyz

لَا جُنَاحَ عَلَيْكُمْ إِنْ طَلَّقْتُمُ النِّسَاءَ مَا لَمْ تَمَسُّوهُنَّ أَوْ تَفْرِضُوا لَهُنَّ فَرِيضَةً ۚ وَمَتِّعُوهُنَّ عَلَى الْمُوسِعِ قَدَرُهُ وَعَلَى الْمُقْتِرِ قَدَرُهُ مَتَاعًا بِالْمَعْرُوفِ ۖ حَقًّا عَلَى الْمُحْسِنِينَ
Эгер (никеңерге алган) аялдарды, жакындык кылбай туруп, же болбосо алар үчүн махырды белгилебей туруп талак кылсаңар — күнөө жок. Жана (никени бузганыңардын эсесине) аларды жакшы пайдалар менен — бай(лар) мүмкүнчүлүгүнө карап, кедей(лер) колунан келишинче — пайдаланткыла. Бул — жакшылык кылуучулар үчүн милдет
وَإِنْ طَلَّقْتُمُوهُنَّ مِنْ قَبْلِ أَنْ تَمَسُّوهُنَّ وَقَدْ فَرَضْتُمْ لَهُنَّ فَرِيضَةً فَنِصْفُ مَا فَرَضْتُمْ إِلَّا أَنْ يَعْفُونَ أَوْ يَعْفُوَ الَّذِي بِيَدِهِ عُقْدَةُ النِّكَاحِ ۚ وَأَنْ تَعْفُوا أَقْرَبُ لِلتَّقْوَىٰ ۚ وَلَا تَنْسَوُا الْفَضْلَ بَيْنَكُمْ ۚ إِنَّ اللَّهَ بِمَا تَعْمَلُونَ بَصِيرٌ
Эгер аларга (жыныстык) жакындык кылбай туруп жана махырды белгилеп койгон соң талак кылсаңар, белгиленген махырдын жарымып(н кайтарып бересиңер.) Эгер алар (аялдар өздөрүнө тие турган жарым махырды алуудан) кечип жиберсе, же болбосо, нике келишими колунда болгон адам (күйөө, өзүнө алып калган махырдын жарымынан) кечип! жиберсе, кечип жиберишиңер такыбага жакыныраак (иш). Жана араңарда болгон пазилет-даражаны унутпагыла. Албетте, Аллаһ, силердин эмне кылып жатканыңарды Көрүүчү
حَافِظُوا عَلَى الصَّلَوَاتِ وَالصَّلَاةِ الْوُسْطَىٰ وَقُومُوا لِلَّهِ قَانِتِينَ
Намаздарга, айрыкча ортолук? намазга бекем болгула! Жана (намазда) Аллаһка толук моюн сунган абалда тургула
فَإِنْ خِفْتُمْ فَرِجَالًا أَوْ رُكْبَانًا ۖ فَإِذَا أَمِنْتُمْ فَاذْكُرُوا اللَّهَ كَمَا عَلَّمَكُمْ مَا لَمْ تَكُونُوا تَعْلَمُونَ
Эгер (душмандан, жырткычтан ж.б.у.с зыяндардан) корксоңор, жүргөн же минген абалыңарда (намаз окуй бергиле). Ал эми, (зыяндардан) тынч болгонуңарда, Ал (Аллаһ) билбеген нерсеңерди силерге кандай үйрөткөн болсо, дал ошондой (бардык шарттарын ордуна келтирип) Аллаһты зикир кылгыла
وَالَّذِينَ يُتَوَفَّوْنَ مِنْكُمْ وَيَذَرُونَ أَزْوَاجًا وَصِيَّةً لِأَزْوَاجِهِمْ مَتَاعًا إِلَى الْحَوْلِ غَيْرَ إِخْرَاجٍ ۚ فَإِنْ خَرَجْنَ فَلَا جُنَاحَ عَلَيْكُمْ فِي مَا فَعَلْنَ فِي أَنْفُسِهِنَّ مِنْ مَعْرُوفٍ ۗ وَاللَّهُ عَزِيزٌ حَكِيمٌ
Силердин араңардан аялдарын калтырып көз жумуп бараткан кишилер (болсо), аялдарын бир жылга чейин үйдөн кууп жибербей, (зарыл болгон тиричилик каражаттары менен) пайдаландырууну (өз жакындарына) керээз кылсын. Эгер алар (аялдар) (бир жылга жетпей, өз каалоолору менен) чыгып кетсе, өз алдынча кылган жакшы иштеринде силер үчүн (эй, эрдин жакындары) күнөө жок. Аллаһ — Кудуреттүү, Даанышман

Choose other languages: