Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Baqara Ayahs #242 Translated in Kyrgyz

حَافِظُوا عَلَى الصَّلَوَاتِ وَالصَّلَاةِ الْوُسْطَىٰ وَقُومُوا لِلَّهِ قَانِتِينَ
Намаздарга, айрыкча ортолук? намазга бекем болгула! Жана (намазда) Аллаһка толук моюн сунган абалда тургула
فَإِنْ خِفْتُمْ فَرِجَالًا أَوْ رُكْبَانًا ۖ فَإِذَا أَمِنْتُمْ فَاذْكُرُوا اللَّهَ كَمَا عَلَّمَكُمْ مَا لَمْ تَكُونُوا تَعْلَمُونَ
Эгер (душмандан, жырткычтан ж.б.у.с зыяндардан) корксоңор, жүргөн же минген абалыңарда (намаз окуй бергиле). Ал эми, (зыяндардан) тынч болгонуңарда, Ал (Аллаһ) билбеген нерсеңерди силерге кандай үйрөткөн болсо, дал ошондой (бардык шарттарын ордуна келтирип) Аллаһты зикир кылгыла
وَالَّذِينَ يُتَوَفَّوْنَ مِنْكُمْ وَيَذَرُونَ أَزْوَاجًا وَصِيَّةً لِأَزْوَاجِهِمْ مَتَاعًا إِلَى الْحَوْلِ غَيْرَ إِخْرَاجٍ ۚ فَإِنْ خَرَجْنَ فَلَا جُنَاحَ عَلَيْكُمْ فِي مَا فَعَلْنَ فِي أَنْفُسِهِنَّ مِنْ مَعْرُوفٍ ۗ وَاللَّهُ عَزِيزٌ حَكِيمٌ
Силердин араңардан аялдарын калтырып көз жумуп бараткан кишилер (болсо), аялдарын бир жылга чейин үйдөн кууп жибербей, (зарыл болгон тиричилик каражаттары менен) пайдаландырууну (өз жакындарына) керээз кылсын. Эгер алар (аялдар) (бир жылга жетпей, өз каалоолору менен) чыгып кетсе, өз алдынча кылган жакшы иштеринде силер үчүн (эй, эрдин жакындары) күнөө жок. Аллаһ — Кудуреттүү, Даанышман
وَلِلْمُطَلَّقَاتِ مَتَاعٌ بِالْمَعْرُوفِ ۖ حَقًّا عَلَى الْمُتَّقِينَ
Талагы берилген аялдарды жакшылык менен пайдалантуу такыба кишилердин мойнуна милдет
كَذَٰلِكَ يُبَيِّنُ اللَّهُ لَكُمْ آيَاتِهِ لَعَلَّكُمْ تَعْقِلُونَ
Ошентип, Аллаһ силерге Өзүнүн аяттарын, акылыңарды иштетүүңөр үчүн баян кылып берет

Choose other languages: