Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Baqara Ayahs #245 Translated in Kyrgyz

وَلِلْمُطَلَّقَاتِ مَتَاعٌ بِالْمَعْرُوفِ ۖ حَقًّا عَلَى الْمُتَّقِينَ
Талагы берилген аялдарды жакшылык менен пайдалантуу такыба кишилердин мойнуна милдет
كَذَٰلِكَ يُبَيِّنُ اللَّهُ لَكُمْ آيَاتِهِ لَعَلَّكُمْ تَعْقِلُونَ
Ошентип, Аллаһ силерге Өзүнүн аяттарын, акылыңарды иштетүүңөр үчүн баян кылып берет
أَلَمْ تَرَ إِلَى الَّذِينَ خَرَجُوا مِنْ دِيَارِهِمْ وَهُمْ أُلُوفٌ حَذَرَ الْمَوْتِ فَقَالَ لَهُمُ اللَّهُ مُوتُوا ثُمَّ أَحْيَاهُمْ ۚ إِنَّ اللَّهَ لَذُو فَضْلٍ عَلَى النَّاسِ وَلَٰكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَشْكُرُونَ
(О, Мухаммад!) Өлүмдөн качып, журттарынан чыккан миңдеген адамдарды(н икаясын) укпадың беле? Аллаһ аларга: «Өлгүлө!» - деди. (Алар өлүштү). Анан, аларды кайра тирилтти.! Албетте, Аллаһ адамдарга Пазилеттүү.? Бирок, көпчүлүк адамдар шүгүр кылышпайт
وَقَاتِلُوا فِي سَبِيلِ اللَّهِ وَاعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ سَمِيعٌ عَلِيمٌ
Аллаһтын жолунда согушкула жана билгиле, Аллаһ — Угуучу, Билүүчү
مَنْ ذَا الَّذِي يُقْرِضُ اللَّهَ قَرْضًا حَسَنًا فَيُضَاعِفَهُ لَهُ أَضْعَافًا كَثِيرَةً ۚ وَاللَّهُ يَقْبِضُ وَيَبْسُطُ وَإِلَيْهِ تُرْجَعُونَ
Аллаһка жакшынакай карыз бере турган адам барбы? Анан ага (Аллаһ) көп-көп (сооп) кошуп кайтарат. (Ырыскыларды) кең кылуучу да, тар кылуучу да Аллаһ! Анын Өзүнө гана кайтып барасыңар

Choose other languages: