Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Baqara Ayahs #247 Translated in Kyrgyz

أَلَمْ تَرَ إِلَى الَّذِينَ خَرَجُوا مِنْ دِيَارِهِمْ وَهُمْ أُلُوفٌ حَذَرَ الْمَوْتِ فَقَالَ لَهُمُ اللَّهُ مُوتُوا ثُمَّ أَحْيَاهُمْ ۚ إِنَّ اللَّهَ لَذُو فَضْلٍ عَلَى النَّاسِ وَلَٰكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَشْكُرُونَ
(О, Мухаммад!) Өлүмдөн качып, журттарынан чыккан миңдеген адамдарды(н икаясын) укпадың беле? Аллаһ аларга: «Өлгүлө!» - деди. (Алар өлүштү). Анан, аларды кайра тирилтти.! Албетте, Аллаһ адамдарга Пазилеттүү.? Бирок, көпчүлүк адамдар шүгүр кылышпайт
وَقَاتِلُوا فِي سَبِيلِ اللَّهِ وَاعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ سَمِيعٌ عَلِيمٌ
Аллаһтын жолунда согушкула жана билгиле, Аллаһ — Угуучу, Билүүчү
مَنْ ذَا الَّذِي يُقْرِضُ اللَّهَ قَرْضًا حَسَنًا فَيُضَاعِفَهُ لَهُ أَضْعَافًا كَثِيرَةً ۚ وَاللَّهُ يَقْبِضُ وَيَبْسُطُ وَإِلَيْهِ تُرْجَعُونَ
Аллаһка жакшынакай карыз бере турган адам барбы? Анан ага (Аллаһ) көп-көп (сооп) кошуп кайтарат. (Ырыскыларды) кең кылуучу да, тар кылуучу да Аллаһ! Анын Өзүнө гана кайтып барасыңар
أَلَمْ تَرَ إِلَى الْمَلَإِ مِنْ بَنِي إِسْرَائِيلَ مِنْ بَعْدِ مُوسَىٰ إِذْ قَالُوا لِنَبِيٍّ لَهُمُ ابْعَثْ لَنَا مَلِكًا نُقَاتِلْ فِي سَبِيلِ اللَّهِ ۖ قَالَ هَلْ عَسَيْتُمْ إِنْ كُتِبَ عَلَيْكُمُ الْقِتَالُ أَلَّا تُقَاتِلُوا ۖ قَالُوا وَمَا لَنَا أَلَّا نُقَاتِلَ فِي سَبِيلِ اللَّهِ وَقَدْ أُخْرِجْنَا مِنْ دِيَارِنَا وَأَبْنَائِنَا ۖ فَلَمَّا كُتِبَ عَلَيْهِمُ الْقِتَالُ تَوَلَّوْا إِلَّا قَلِيلًا مِنْهُمْ ۗ وَاللَّهُ عَلِيمٌ بِالظَّالِمِينَ
Мусадан кийинки, Исрайил урпактарынан болгон жамаатты(н кабарын) билбедиңби? Бир мезгилде алар өздөрүнүн пайгамбарына: «бизге бир падыша дайындап бер, Аллаһ жолунда согушка чыгалы» дешкенде, ал: «Эгер силерге согуш парыз кылынган убакта, согуштан баш тартсаңарчы?» деди. Алар айтышты: «Кантип эле Аллаһтын жолунда согушпай койолу?! Биз журттарыбыздан жана бала-чакаларыбыздан айдап чыгарылдык!» Ал эми, согуш парыз кылынганда болсо, аз гана бөлүгүнөн башка бардыгы (согуштан) баш тартышты. Жана Аллаһ заалым адамдарды Билүүчү
وَقَالَ لَهُمْ نَبِيُّهُمْ إِنَّ اللَّهَ قَدْ بَعَثَ لَكُمْ طَالُوتَ مَلِكًا ۚ قَالُوا أَنَّىٰ يَكُونُ لَهُ الْمُلْكُ عَلَيْنَا وَنَحْنُ أَحَقُّ بِالْمُلْكِ مِنْهُ وَلَمْ يُؤْتَ سَعَةً مِنَ الْمَالِ ۚ قَالَ إِنَّ اللَّهَ اصْطَفَاهُ عَلَيْكُمْ وَزَادَهُ بَسْطَةً فِي الْعِلْمِ وَالْجِسْمِ ۖ وَاللَّهُ يُؤْتِي مُلْكَهُ مَنْ يَشَاءُ ۚ وَاللَّهُ وَاسِعٌ عَلِيمٌ
Аларга пайгамбары: «Аллаһ силерге (мына бул) Таалутту падыша дайындады» дегенде, алар: «Ал кайдан бизге падыша болсун?! Андан көрө падышалыкка өзүбүз көбүрөөк акылуубуз. Жана ага кененирээк мал-дүйнө да берилген эмес» дешти. (Анда пайгамбар) айтты: «Аны силерге (падыша кылып, мен эмес) Аллаһ тандады жана аны (саясий) илимде жана денесинде(ги кубатта башкалардан) ашыкча кылды. Аллаһ (жердеги) падышалыгын Өзү каалаган адамга берет. Жана АллаһЦ(тын пазилети) Кенен, Билүүчү»

Choose other languages: