Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Baqara Ayahs #246 Translated in Kyrgyz

كَذَٰلِكَ يُبَيِّنُ اللَّهُ لَكُمْ آيَاتِهِ لَعَلَّكُمْ تَعْقِلُونَ
Ошентип, Аллаһ силерге Өзүнүн аяттарын, акылыңарды иштетүүңөр үчүн баян кылып берет
أَلَمْ تَرَ إِلَى الَّذِينَ خَرَجُوا مِنْ دِيَارِهِمْ وَهُمْ أُلُوفٌ حَذَرَ الْمَوْتِ فَقَالَ لَهُمُ اللَّهُ مُوتُوا ثُمَّ أَحْيَاهُمْ ۚ إِنَّ اللَّهَ لَذُو فَضْلٍ عَلَى النَّاسِ وَلَٰكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَشْكُرُونَ
(О, Мухаммад!) Өлүмдөн качып, журттарынан чыккан миңдеген адамдарды(н икаясын) укпадың беле? Аллаһ аларга: «Өлгүлө!» - деди. (Алар өлүштү). Анан, аларды кайра тирилтти.! Албетте, Аллаһ адамдарга Пазилеттүү.? Бирок, көпчүлүк адамдар шүгүр кылышпайт
وَقَاتِلُوا فِي سَبِيلِ اللَّهِ وَاعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ سَمِيعٌ عَلِيمٌ
Аллаһтын жолунда согушкула жана билгиле, Аллаһ — Угуучу, Билүүчү
مَنْ ذَا الَّذِي يُقْرِضُ اللَّهَ قَرْضًا حَسَنًا فَيُضَاعِفَهُ لَهُ أَضْعَافًا كَثِيرَةً ۚ وَاللَّهُ يَقْبِضُ وَيَبْسُطُ وَإِلَيْهِ تُرْجَعُونَ
Аллаһка жакшынакай карыз бере турган адам барбы? Анан ага (Аллаһ) көп-көп (сооп) кошуп кайтарат. (Ырыскыларды) кең кылуучу да, тар кылуучу да Аллаһ! Анын Өзүнө гана кайтып барасыңар
أَلَمْ تَرَ إِلَى الْمَلَإِ مِنْ بَنِي إِسْرَائِيلَ مِنْ بَعْدِ مُوسَىٰ إِذْ قَالُوا لِنَبِيٍّ لَهُمُ ابْعَثْ لَنَا مَلِكًا نُقَاتِلْ فِي سَبِيلِ اللَّهِ ۖ قَالَ هَلْ عَسَيْتُمْ إِنْ كُتِبَ عَلَيْكُمُ الْقِتَالُ أَلَّا تُقَاتِلُوا ۖ قَالُوا وَمَا لَنَا أَلَّا نُقَاتِلَ فِي سَبِيلِ اللَّهِ وَقَدْ أُخْرِجْنَا مِنْ دِيَارِنَا وَأَبْنَائِنَا ۖ فَلَمَّا كُتِبَ عَلَيْهِمُ الْقِتَالُ تَوَلَّوْا إِلَّا قَلِيلًا مِنْهُمْ ۗ وَاللَّهُ عَلِيمٌ بِالظَّالِمِينَ
Мусадан кийинки, Исрайил урпактарынан болгон жамаатты(н кабарын) билбедиңби? Бир мезгилде алар өздөрүнүн пайгамбарына: «бизге бир падыша дайындап бер, Аллаһ жолунда согушка чыгалы» дешкенде, ал: «Эгер силерге согуш парыз кылынган убакта, согуштан баш тартсаңарчы?» деди. Алар айтышты: «Кантип эле Аллаһтын жолунда согушпай койолу?! Биз журттарыбыздан жана бала-чакаларыбыздан айдап чыгарылдык!» Ал эми, согуш парыз кылынганда болсо, аз гана бөлүгүнөн башка бардыгы (согуштан) баш тартышты. Жана Аллаһ заалым адамдарды Билүүчү

Choose other languages: