Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Baqara Ayahs #148 Translated in Kyrgyz

قَدْ نَرَىٰ تَقَلُّبَ وَجْهِكَ فِي السَّمَاءِ ۖ فَلَنُوَلِّيَنَّكَ قِبْلَةً تَرْضَاهَا ۚ فَوَلِّ وَجْهَكَ شَطْرَ الْمَسْجِدِ الْحَرَامِ ۚ وَحَيْثُ مَا كُنْتُمْ فَوَلُّوا وُجُوهَكُمْ شَطْرَهُ ۗ وَإِنَّ الَّذِينَ أُوتُوا الْكِتَابَ لَيَعْلَمُونَ أَنَّهُ الْحَقُّ مِنْ رَبِّهِمْ ۗ وَمَا اللَّهُ بِغَافِلٍ عَمَّا يَعْمَلُونَ
(О, Мухаммад!) Биз кээде жүзүңдүн «асманда кезгенин» көрөбүз жана сени өзүң ыраазы болгон кыбылага бурабыз. Эми сен жүзүңдү Масжид аль-Харам (Кааба) тарапка бур! (О, момундар, силер дагы) кайда болсоңор (намазда) жүзүңөрдү ошол тарапка бургула! Ал эми, китеп берилген элдер (яхудий жана христиандар) деле анын (кыбыланын Кааба тарапка бурулганын) Раббисинен келген чындык (вахий) экенин айкын билип турушат. Аллаһ силердин ишиңерден кабарсыз эмес
وَلَئِنْ أَتَيْتَ الَّذِينَ أُوتُوا الْكِتَابَ بِكُلِّ آيَةٍ مَا تَبِعُوا قِبْلَتَكَ ۚ وَمَا أَنْتَ بِتَابِعٍ قِبْلَتَهُمْ ۚ وَمَا بَعْضُهُمْ بِتَابِعٍ قِبْلَةَ بَعْضٍ ۚ وَلَئِنِ اتَّبَعْتَ أَهْوَاءَهُمْ مِنْ بَعْدِ مَا جَاءَكَ مِنَ الْعِلْمِ ۙ إِنَّكَ إِذًا لَمِنَ الظَّالِمِينَ
Эгер сен Китеп берилгендерге бардык далилдерди келтирип (алдына тизип) койсоң да, алар сенин кыбылаңа ээрчибейт. Сен да алардын кыбыласына эргешүүчү эмессиң. Дагы алар бири-биринин кыбыласына да ээрчишпейт. Эгер сен өзүңө (Аллаһтан) келген илимден кийин деле алардын кызыкчылыгына эргешүүчү болсоң, анда сен сөзсүз заалымдардан болуп каласың
الَّذِينَ آتَيْنَاهُمُ الْكِتَابَ يَعْرِفُونَهُ كَمَا يَعْرِفُونَ أَبْنَاءَهُمْ ۖ وَإِنَّ فَرِيقًا مِنْهُمْ لَيَكْتُمُونَ الْحَقَّ وَهُمْ يَعْلَمُونَ
Биз китеп (Тоорат жана Инжил) берген адамдар аны өз балдарын тааныган сыяктуу таанышат. (Анан ошол, пайгамбар-Мухаммад келгенде) алардан көпчүлүгү чындыкты билип туруп, жаап-жашыра башташты
الْحَقُّ مِنْ رَبِّكَ ۖ فَلَا تَكُونَنَّ مِنَ الْمُمْتَرِينَ
(О, Мухаммад) Акыйкат-Раббиң тарабынан! Демек сен эч качан шектенүүчүлөрдөн болбогун
وَلِكُلٍّ وِجْهَةٌ هُوَ مُوَلِّيهَا ۖ فَاسْتَبِقُوا الْخَيْرَاتِ ۚ أَيْنَ مَا تَكُونُوا يَأْتِ بِكُمُ اللَّهُ جَمِيعًا ۚ إِنَّ اللَّهَ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ
Ар бир (диндеги) адамдын өз жүздөнөөр тарабы (кыбыласы) бар. Бири-бириңерден озуп жакшылык жасагыла! Силер кайда болсоңор да, Аллаһ бардыгыңарды (Кыямат күндүн эсеп-китеби үчүн) чогултуп алат. Аллаһ бардык нерсеге Кудуреттүү

Choose other languages: