Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Baqara Ayahs #142 Translated in Kyrgyz

صِبْغَةَ اللَّهِ ۖ وَمَنْ أَحْسَنُ مِنَ اللَّهِ صِبْغَةً ۖ وَنَحْنُ لَهُ عَابِدُونَ
Аллаһтын бойогу (дини менен бойонгула) !. Ким Аллаһтан жакшыраак боёй алат?! Жана “Биз Ага гана ибадат кылуучубуз” (дегиле)
قُلْ أَتُحَاجُّونَنَا فِي اللَّهِ وَهُوَ رَبُّنَا وَرَبُّكُمْ وَلَنَا أَعْمَالُنَا وَلَكُمْ أَعْمَالُكُمْ وَنَحْنُ لَهُ مُخْلِصُونَ
Айткын: “Биз менен Аллаһ жөнүндө талашасыңарбы?” Ал биздин да Раббибиз, силердин да Раббиңер. Бизге өз иштерибиз, силерге өз иштериңер. Жана биз Анын Өзүнө гана ыклас кылуучуларбыз
أَمْ تَقُولُونَ إِنَّ إِبْرَاهِيمَ وَإِسْمَاعِيلَ وَإِسْحَاقَ وَيَعْقُوبَ وَالْأَسْبَاطَ كَانُوا هُودًا أَوْ نَصَارَىٰ ۗ قُلْ أَأَنْتُمْ أَعْلَمُ أَمِ اللَّهُ ۗ وَمَنْ أَظْلَمُ مِمَّنْ كَتَمَ شَهَادَةً عِنْدَهُ مِنَ اللَّهِ ۗ وَمَا اللَّهُ بِغَافِلٍ عَمَّا تَعْمَلُونَ
Же силер (оо, китеп ээлери): “Ибрахим, Ысмайыл, Исхак, Яькуб жана (алардан кийинки) муундар яхудий же христиан болгон” дейсиңерби? Айткын: “Силер көбүрөөк билесиңерби же Аллаһ (көбүрөөк билеби)?!” Өздөрүнүн алдындагы (китепте жазылган) күбөлүктү Аллаһтан жашыргандардан өткөн заалым барбы?! Аллаһ силер жасаган (бузуку) иштерден бейкапар эмес
تِلْكَ أُمَّةٌ قَدْ خَلَتْ ۖ لَهَا مَا كَسَبَتْ وَلَكُمْ مَا كَسَبْتُمْ ۖ وَلَا تُسْأَلُونَ عَمَّا كَانُوا يَعْمَلُونَ
Алар өтүп кеткен үммөттөр. Алар өз иштерине жооп берет. Силер өз ишиңерге жооп бересиңер. Силер алар жасаган иштерден суралбайсыңар
سَيَقُولُ السُّفَهَاءُ مِنَ النَّاسِ مَا وَلَّاهُمْ عَنْ قِبْلَتِهِمُ الَّتِي كَانُوا عَلَيْهَا ۚ قُلْ لِلَّهِ الْمَشْرِقُ وَالْمَغْرِبُ ۚ يَهْدِي مَنْ يَشَاءُ إِلَىٰ صِرَاطٍ مُسْتَقِيمٍ
Жакында адамдардын акылсыздары: “Аларды (мусулмандарды) мурун өздөрү жүздөнгөн кыбылаларынан жүз бурдурган эмне?” дешет. Айткын: “Чыгыш дагы, Батыш дагы Аллаһка таандык. Каалаган пендесин Туура Жолго баштайт»

Choose other languages: