Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Baqara Ayahs #141 Translated in Kyrgyz

فَإِنْ آمَنُوا بِمِثْلِ مَا آمَنْتُمْ بِهِ فَقَدِ اهْتَدَوْا ۖ وَإِنْ تَوَلَّوْا فَإِنَّمَا هُمْ فِي شِقَاقٍ ۖ فَسَيَكْفِيكَهُمُ اللَّهُ ۚ وَهُوَ السَّمِيعُ الْعَلِيمُ
(О, момун-мусулмандар!) Эгер алар (яхудийлер менен христиандар) силер ыйман келтиргендей ыйман келтиришсе, (ошондо гана) туура жол табышат. А эгер жүз буруп кетишсе, анда алар (силерге) душман. Алардан сени Аллаһтын Өзү сактайт. Ал — Угуучу, Билүүчү
صِبْغَةَ اللَّهِ ۖ وَمَنْ أَحْسَنُ مِنَ اللَّهِ صِبْغَةً ۖ وَنَحْنُ لَهُ عَابِدُونَ
Аллаһтын бойогу (дини менен бойонгула) !. Ким Аллаһтан жакшыраак боёй алат?! Жана “Биз Ага гана ибадат кылуучубуз” (дегиле)
قُلْ أَتُحَاجُّونَنَا فِي اللَّهِ وَهُوَ رَبُّنَا وَرَبُّكُمْ وَلَنَا أَعْمَالُنَا وَلَكُمْ أَعْمَالُكُمْ وَنَحْنُ لَهُ مُخْلِصُونَ
Айткын: “Биз менен Аллаһ жөнүндө талашасыңарбы?” Ал биздин да Раббибиз, силердин да Раббиңер. Бизге өз иштерибиз, силерге өз иштериңер. Жана биз Анын Өзүнө гана ыклас кылуучуларбыз
أَمْ تَقُولُونَ إِنَّ إِبْرَاهِيمَ وَإِسْمَاعِيلَ وَإِسْحَاقَ وَيَعْقُوبَ وَالْأَسْبَاطَ كَانُوا هُودًا أَوْ نَصَارَىٰ ۗ قُلْ أَأَنْتُمْ أَعْلَمُ أَمِ اللَّهُ ۗ وَمَنْ أَظْلَمُ مِمَّنْ كَتَمَ شَهَادَةً عِنْدَهُ مِنَ اللَّهِ ۗ وَمَا اللَّهُ بِغَافِلٍ عَمَّا تَعْمَلُونَ
Же силер (оо, китеп ээлери): “Ибрахим, Ысмайыл, Исхак, Яькуб жана (алардан кийинки) муундар яхудий же христиан болгон” дейсиңерби? Айткын: “Силер көбүрөөк билесиңерби же Аллаһ (көбүрөөк билеби)?!” Өздөрүнүн алдындагы (китепте жазылган) күбөлүктү Аллаһтан жашыргандардан өткөн заалым барбы?! Аллаһ силер жасаган (бузуку) иштерден бейкапар эмес
تِلْكَ أُمَّةٌ قَدْ خَلَتْ ۖ لَهَا مَا كَسَبَتْ وَلَكُمْ مَا كَسَبْتُمْ ۖ وَلَا تُسْأَلُونَ عَمَّا كَانُوا يَعْمَلُونَ
Алар өтүп кеткен үммөттөр. Алар өз иштерине жооп берет. Силер өз ишиңерге жооп бересиңер. Силер алар жасаган иштерден суралбайсыңар

Choose other languages: