Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Anaam Ayahs #30 Translated in Kyrgyz

وَهُمْ يَنْهَوْنَ عَنْهُ وَيَنْأَوْنَ عَنْهُ ۖ وَإِنْ يُهْلِكُونَ إِلَّا أَنْفُسَهُمْ وَمَا يَشْعُرُونَ
Жана алар андан (башкаларды да) кайтарышат, өздөрү да алысташат. Бирок, (бул иштери менен) өздөрүн гана кыйроого түрткөндөрүн билбей калышат
وَلَوْ تَرَىٰ إِذْ وُقِفُوا عَلَى النَّارِ فَقَالُوا يَا لَيْتَنَا نُرَدُّ وَلَا نُكَذِّبَ بِآيَاتِ رَبِّنَا وَنَكُونَ مِنَ الْمُؤْمِنِينَ
(О, Мухаммад!) Аларды Тозоктун үстүнө (тике) тургузуп коюлганда (бушайман болушуп): “Атаганат, кана эми, (дүйнөгө) кайтарылсак, Раббибиздин аяттарын жалган дебей, момундардан болуп жашасак?!”-дегендерин бир көрсөң эле
بَلْ بَدَا لَهُمْ مَا كَانُوا يُخْفُونَ مِنْ قَبْلُ ۖ وَلَوْ رُدُّوا لَعَادُوا لِمَا نُهُوا عَنْهُ وَإِنَّهُمْ لَكَاذِبُونَ
Андай эмес! Аларга мурун ичине каткан нерселери айкын болуп калган(дан улам ушинтип жатышат). Эгер (дүйнөгө) кайтарылса деле, тайманбастан (Шариятта) кайтарылган (арам) иштерге кайтышмак. Анткени, алар - анык жалганчылар
وَقَالُوا إِنْ هِيَ إِلَّا حَيَاتُنَا الدُّنْيَا وَمَا نَحْنُ بِمَبْعُوثِينَ
Жана алар: “Ушул дүйнөдөгү жашообуздан башка жашоо жок. Биз кайрадан тирилбейбиз” -дешти
وَلَوْ تَرَىٰ إِذْ وُقِفُوا عَلَىٰ رَبِّهِمْ ۚ قَالَ أَلَيْسَ هَٰذَا بِالْحَقِّ ۚ قَالُوا بَلَىٰ وَرَبِّنَا ۚ قَالَ فَذُوقُوا الْعَذَابَ بِمَا كُنْتُمْ تَكْفُرُونَ
Эгер сен аларды Раббисинин алдына тургузулуп (Аллаһ): “Бул (кайра тирилүү) чындык эмес бекен?!”-деп сураганда, алардын: “Ооба, йа, Рабби! Чындык экен” -дегендерин жана (Аллаһ аларга): “Каапыр болгонуңар себептүү, эми азаптын даамын таткыла!” -дегенин бир көрсөң эле

Choose other languages: