Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Anaam Ayahs #119 Translated in Kyrgyz

وَتَمَّتْ كَلِمَتُ رَبِّكَ صِدْقًا وَعَدْلًا ۚ لَا مُبَدِّلَ لِكَلِمَاتِهِ ۚ وَهُوَ السَّمِيعُ الْعَلِيمُ
Раббиңдин Сөздөрү бардык чындык — адилетти (баяндап) бүтүргөн. Анын Сөздөрүн өзгөртүүчү жок. Ал — Угуучу, Билүүчү
وَإِنْ تُطِعْ أَكْثَرَ مَنْ فِي الْأَرْضِ يُضِلُّوكَ عَنْ سَبِيلِ اللَّهِ ۚ إِنْ يَتَّبِعُونَ إِلَّا الظَّنَّ وَإِنْ هُمْ إِلَّا يَخْرُصُونَ
Эгер сен жер бетиндегилердин көпчүлүгүнө моюн сунсаң, сени Аллаһтын Жолунан адаштырып салышат. (Анткени,) Алар күмөнгө гана ээрчишет жана жалгандарды ойлоп табышат
إِنَّ رَبَّكَ هُوَ أَعْلَمُ مَنْ يَضِلُّ عَنْ سَبِيلِهِ ۖ وَهُوَ أَعْلَمُ بِالْمُهْتَدِينَ
Албетте, сенин Раббиң, Өзүнө алып барчу жолдон адашып кеткендерди эң жакшы билет. Жана Туура Жол тапкандарды да эң жакшы билет
فَكُلُوا مِمَّا ذُكِرَ اسْمُ اللَّهِ عَلَيْهِ إِنْ كُنْتُمْ بِآيَاتِهِ مُؤْمِنِينَ
(О, момундар!) Эгер Аллаһтын аяттарына ыйман келтирген болсоңор, Аллаһтын ысымы айтылган нерселерден гана жегиле
وَمَا لَكُمْ أَلَّا تَأْكُلُوا مِمَّا ذُكِرَ اسْمُ اللَّهِ عَلَيْهِ وَقَدْ فَصَّلَ لَكُمْ مَا حَرَّمَ عَلَيْكُمْ إِلَّا مَا اضْطُرِرْتُمْ إِلَيْهِ ۗ وَإِنَّ كَثِيرًا لَيُضِلُّونَ بِأَهْوَائِهِمْ بِغَيْرِ عِلْمٍ ۗ إِنَّ رَبَّكَ هُوَ أَعْلَمُ بِالْمُعْتَدِينَ
Силерге эмне болду, Аллаһтын ысымы айтылган нерселерден жебей жатасыңар?! Аллаһ силерге арам болгон нерселерди толук баяндап берди го! Бир гана аргасыз калганыңарда (жан сактоо үчүн жесеңер — уруксат). Албетте, көпчүлүк адамдар билбестиктен улам, өз каалоолорун ээрчип, адашып кетишүүдө. Раббиң чектен чыгуучуларды жакшы билет

Choose other languages: