Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Anaam Ayahs #121 Translated in Kyrgyz

إِنَّ رَبَّكَ هُوَ أَعْلَمُ مَنْ يَضِلُّ عَنْ سَبِيلِهِ ۖ وَهُوَ أَعْلَمُ بِالْمُهْتَدِينَ
Албетте, сенин Раббиң, Өзүнө алып барчу жолдон адашып кеткендерди эң жакшы билет. Жана Туура Жол тапкандарды да эң жакшы билет
فَكُلُوا مِمَّا ذُكِرَ اسْمُ اللَّهِ عَلَيْهِ إِنْ كُنْتُمْ بِآيَاتِهِ مُؤْمِنِينَ
(О, момундар!) Эгер Аллаһтын аяттарына ыйман келтирген болсоңор, Аллаһтын ысымы айтылган нерселерден гана жегиле
وَمَا لَكُمْ أَلَّا تَأْكُلُوا مِمَّا ذُكِرَ اسْمُ اللَّهِ عَلَيْهِ وَقَدْ فَصَّلَ لَكُمْ مَا حَرَّمَ عَلَيْكُمْ إِلَّا مَا اضْطُرِرْتُمْ إِلَيْهِ ۗ وَإِنَّ كَثِيرًا لَيُضِلُّونَ بِأَهْوَائِهِمْ بِغَيْرِ عِلْمٍ ۗ إِنَّ رَبَّكَ هُوَ أَعْلَمُ بِالْمُعْتَدِينَ
Силерге эмне болду, Аллаһтын ысымы айтылган нерселерден жебей жатасыңар?! Аллаһ силерге арам болгон нерселерди толук баяндап берди го! Бир гана аргасыз калганыңарда (жан сактоо үчүн жесеңер — уруксат). Албетте, көпчүлүк адамдар билбестиктен улам, өз каалоолорун ээрчип, адашып кетишүүдө. Раббиң чектен чыгуучуларды жакшы билет
وَذَرُوا ظَاهِرَ الْإِثْمِ وَبَاطِنَهُ ۚ إِنَّ الَّذِينَ يَكْسِبُونَ الْإِثْمَ سَيُجْزَوْنَ بِمَا كَانُوا يَقْتَرِفُونَ
Күнөөлөрдүн көрүнгөнүн да, көмүскөсүн да таштагыла! (Кандай гана болбосун) күнөө иш жасаган адамдар өз кылмыштарына жараша жакында жазаларын алышат
وَلَا تَأْكُلُوا مِمَّا لَمْ يُذْكَرِ اسْمُ اللَّهِ عَلَيْهِ وَإِنَّهُ لَفِسْقٌ ۗ وَإِنَّ الشَّيَاطِينَ لَيُوحُونَ إِلَىٰ أَوْلِيَائِهِمْ لِيُجَادِلُوكُمْ ۖ وَإِنْ أَطَعْتُمُوهُمْ إِنَّكُمْ لَمُشْرِكُونَ
Аллаһтын ысымы эскерилбеген нерселерден жебегиле! (Анткени,) Ал — анык бузукулук! Албетте, шайтандар өздөрүнүн досторуна (мушриктерге) силер менен талашып-тартышууну илхам кылышат. Эгер аларга моюн сунсаңар, силер дагы мушриксиңер

Choose other languages: