Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Anaam Ayahs #109 Translated in Kyrgyz

وَكَذَٰلِكَ نُصَرِّفُ الْآيَاتِ وَلِيَقُولُوا دَرَسْتَ وَلِنُبَيِّنَهُ لِقَوْمٍ يَعْلَمُونَ
Ошентип, (о, Мухаммад, сага каапырлар “Кураанды бирөөлөрдөн) үйрөнгөнсүң” деп айтуулары үчүн жана аны билген (түшүнгөн) адамдарга баян кылып беришибиз үчүн аяттарыбызды ар түрдүү шекилде тизмектеп бердик
اتَّبِعْ مَا أُوحِيَ إِلَيْكَ مِنْ رَبِّكَ ۖ لَا إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ ۖ وَأَعْرِضْ عَنِ الْمُشْرِكِينَ
Өзүңө Раббиң тарабынан вахий (кабар) кылынган нерселерди гана ээрчигин. Эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок, жалгыз Ал гана бар. Жана сен мушриктерден жүз бур
وَلَوْ شَاءَ اللَّهُ مَا أَشْرَكُوا ۗ وَمَا جَعَلْنَاكَ عَلَيْهِمْ حَفِيظًا ۖ وَمَا أَنْتَ عَلَيْهِمْ بِوَكِيلٍ
Эгер Аллаһ каалаганда, алар ширк келтиришпейт эле.! Биз сени аларга кароолчу кылбадык жана сен аларга өкүл (жоопкер) да эмессиң
وَلَا تَسُبُّوا الَّذِينَ يَدْعُونَ مِنْ دُونِ اللَّهِ فَيَسُبُّوا اللَّهَ عَدْوًا بِغَيْرِ عِلْمٍ ۗ كَذَٰلِكَ زَيَّنَّا لِكُلِّ أُمَّةٍ عَمَلَهُمْ ثُمَّ إِلَىٰ رَبِّهِمْ مَرْجِعُهُمْ فَيُنَبِّئُهُمْ بِمَا كَانُوا يَعْمَلُونَ
(О, момундар!) Аллаһтан башкага дуба (ибадат) кылгандарды(н “кудайларын”) акаарат кылбагыла. Антсеңер, алар дагы душмандык кылып, илимсиздик менен Аллаһты сөгүшөт. Биз бардык элдерге өз амалдарын кооз көргөзүп койдук. Кийин, бардыгынын кайтаар жери — Раббисине. Анан Ал (бардыгына бул дүйнөдө) жасаган иштеринин кабарын берет
وَأَقْسَمُوا بِاللَّهِ جَهْدَ أَيْمَانِهِمْ لَئِنْ جَاءَتْهُمْ آيَةٌ لَيُؤْمِنُنَّ بِهَا ۚ قُلْ إِنَّمَا الْآيَاتُ عِنْدَ اللَّهِ ۖ وَمَا يُشْعِرُكُمْ أَنَّهَا إِذَا جَاءَتْ لَا يُؤْمِنُونَ
(Мушриктер) эгер аларга бир моожиза келсе, ага сөзсүз ыйман келтирүүлөрү жөнүндө жан үрөп Аллаһтын аты менен ант ичишет. Айткын: “Моожизалар Аллаһтын алдында”. Силерге эмне билдирди?! Чынында, моожиза келсе да алар ыйман келтиришпейт

Choose other languages: