Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Anaam Ayahs #108 Translated in Kyrgyz

قَدْ جَاءَكُمْ بَصَائِرُ مِنْ رَبِّكُمْ ۖ فَمَنْ أَبْصَرَ فَلِنَفْسِهِ ۖ وَمَنْ عَمِيَ فَعَلَيْهَا ۚ وَمَا أَنَا عَلَيْكُمْ بِحَفِيظٍ
(О, Мухаммад, адамдарга айт:) «Силерге Раббиңер тарабынан анык далилдер келди. Ким аларды көрсө - өз пайдасы. Ким сокур болуп алса - өзүнө зыян! Мен силердин үстүңөрдө корукчу эмесмин.»
وَكَذَٰلِكَ نُصَرِّفُ الْآيَاتِ وَلِيَقُولُوا دَرَسْتَ وَلِنُبَيِّنَهُ لِقَوْمٍ يَعْلَمُونَ
Ошентип, (о, Мухаммад, сага каапырлар “Кураанды бирөөлөрдөн) үйрөнгөнсүң” деп айтуулары үчүн жана аны билген (түшүнгөн) адамдарга баян кылып беришибиз үчүн аяттарыбызды ар түрдүү шекилде тизмектеп бердик
اتَّبِعْ مَا أُوحِيَ إِلَيْكَ مِنْ رَبِّكَ ۖ لَا إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ ۖ وَأَعْرِضْ عَنِ الْمُشْرِكِينَ
Өзүңө Раббиң тарабынан вахий (кабар) кылынган нерселерди гана ээрчигин. Эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок, жалгыз Ал гана бар. Жана сен мушриктерден жүз бур
وَلَوْ شَاءَ اللَّهُ مَا أَشْرَكُوا ۗ وَمَا جَعَلْنَاكَ عَلَيْهِمْ حَفِيظًا ۖ وَمَا أَنْتَ عَلَيْهِمْ بِوَكِيلٍ
Эгер Аллаһ каалаганда, алар ширк келтиришпейт эле.! Биз сени аларга кароолчу кылбадык жана сен аларга өкүл (жоопкер) да эмессиң
وَلَا تَسُبُّوا الَّذِينَ يَدْعُونَ مِنْ دُونِ اللَّهِ فَيَسُبُّوا اللَّهَ عَدْوًا بِغَيْرِ عِلْمٍ ۗ كَذَٰلِكَ زَيَّنَّا لِكُلِّ أُمَّةٍ عَمَلَهُمْ ثُمَّ إِلَىٰ رَبِّهِمْ مَرْجِعُهُمْ فَيُنَبِّئُهُمْ بِمَا كَانُوا يَعْمَلُونَ
(О, момундар!) Аллаһтан башкага дуба (ибадат) кылгандарды(н “кудайларын”) акаарат кылбагыла. Антсеңер, алар дагы душмандык кылып, илимсиздик менен Аллаһты сөгүшөт. Биз бардык элдерге өз амалдарын кооз көргөзүп койдук. Кийин, бардыгынын кайтаар жери — Раббисине. Анан Ал (бардыгына бул дүйнөдө) жасаган иштеринин кабарын берет

Choose other languages: