Quran Apps in many lanuages:

Surah Ghafir Ayahs #27 Translated in Kyrgyz

وَلَقَدْ أَرْسَلْنَا مُوسَىٰ بِآيَاتِنَا وَسُلْطَانٍ مُبِينٍ
Биз Мусаны Өз аяттарыбыз жана анык далил менен жибердик
إِلَىٰ فِرْعَوْنَ وَهَامَانَ وَقَارُونَ فَقَالُوا سَاحِرٌ كَذَّابٌ
Фираунга, Хааманга, Каарунга! (жана алардын каапыр жердештерине). Алар болсо (Мусаны) «сыйкырчы», «жалганчы» дешти
فَلَمَّا جَاءَهُمْ بِالْحَقِّ مِنْ عِنْدِنَا قَالُوا اقْتُلُوا أَبْنَاءَ الَّذِينَ آمَنُوا مَعَهُ وَاسْتَحْيُوا نِسَاءَهُمْ ۚ وَمَا كَيْدُ الْكَافِرِينَ إِلَّا فِي ضَلَالٍ
Муса аларга Биздин алдыбыздан Акыйкатты алып келгенде алар: «Муса менен бирге ыйман келтирген Исраил урпактарынын уул перзенттерин өлтүрүп, кыз перзенттерине жашоо бергиле!» дешкен. Каапырлардын айлакерлиги анык адашуучулукта
وَقَالَ فِرْعَوْنُ ذَرُونِي أَقْتُلْ مُوسَىٰ وَلْيَدْعُ رَبَّهُ ۖ إِنِّي أَخَافُ أَنْ يُبَدِّلَ دِينَكُمْ أَوْ أَنْ يُظْهِرَ فِي الْأَرْضِ الْفَسَادَ
Фираун айтты: «Мага койгула, Мусаны өлтүрөйүн. Жана ал Раббисине жалбара берсин. Мен силердин диниңерди (Муса) өзгөртүп же болбосо жер бетинде бузукулук чыгарып жиберишинен коркуп жатамын»
وَقَالَ مُوسَىٰ إِنِّي عُذْتُ بِرَبِّي وَرَبِّكُمْ مِنْ كُلِّ مُتَكَبِّرٍ لَا يُؤْمِنُ بِيَوْمِ الْحِسَابِ
Муса айтты: «Мен Өзүмдүн жана силердин Раббиңер Аллаһка жалбарып, эсеп (Кыямат) күнүнө ишенбеген ар бир текебер заалым-дан коргоосун суранамын»

Choose other languages: