Quran Apps in many lanuages:

Surah Ghafir Ayahs #28 Translated in Kyrgyz

إِلَىٰ فِرْعَوْنَ وَهَامَانَ وَقَارُونَ فَقَالُوا سَاحِرٌ كَذَّابٌ
Фираунга, Хааманга, Каарунга! (жана алардын каапыр жердештерине). Алар болсо (Мусаны) «сыйкырчы», «жалганчы» дешти
فَلَمَّا جَاءَهُمْ بِالْحَقِّ مِنْ عِنْدِنَا قَالُوا اقْتُلُوا أَبْنَاءَ الَّذِينَ آمَنُوا مَعَهُ وَاسْتَحْيُوا نِسَاءَهُمْ ۚ وَمَا كَيْدُ الْكَافِرِينَ إِلَّا فِي ضَلَالٍ
Муса аларга Биздин алдыбыздан Акыйкатты алып келгенде алар: «Муса менен бирге ыйман келтирген Исраил урпактарынын уул перзенттерин өлтүрүп, кыз перзенттерине жашоо бергиле!» дешкен. Каапырлардын айлакерлиги анык адашуучулукта
وَقَالَ فِرْعَوْنُ ذَرُونِي أَقْتُلْ مُوسَىٰ وَلْيَدْعُ رَبَّهُ ۖ إِنِّي أَخَافُ أَنْ يُبَدِّلَ دِينَكُمْ أَوْ أَنْ يُظْهِرَ فِي الْأَرْضِ الْفَسَادَ
Фираун айтты: «Мага койгула, Мусаны өлтүрөйүн. Жана ал Раббисине жалбара берсин. Мен силердин диниңерди (Муса) өзгөртүп же болбосо жер бетинде бузукулук чыгарып жиберишинен коркуп жатамын»
وَقَالَ مُوسَىٰ إِنِّي عُذْتُ بِرَبِّي وَرَبِّكُمْ مِنْ كُلِّ مُتَكَبِّرٍ لَا يُؤْمِنُ بِيَوْمِ الْحِسَابِ
Муса айтты: «Мен Өзүмдүн жана силердин Раббиңер Аллаһка жалбарып, эсеп (Кыямат) күнүнө ишенбеген ар бир текебер заалым-дан коргоосун суранамын»
وَقَالَ رَجُلٌ مُؤْمِنٌ مِنْ آلِ فِرْعَوْنَ يَكْتُمُ إِيمَانَهُ أَتَقْتُلُونَ رَجُلًا أَنْ يَقُولَ رَبِّيَ اللَّهُ وَقَدْ جَاءَكُمْ بِالْبَيِّنَاتِ مِنْ رَبِّكُمْ ۖ وَإِنْ يَكُ كَاذِبًا فَعَلَيْهِ كَذِبُهُ ۖ وَإِنْ يَكُ صَادِقًا يُصِبْكُمْ بَعْضُ الَّذِي يَعِدُكُمْ ۖ إِنَّ اللَّهَ لَا يَهْدِي مَنْ هُوَ مُسْرِفٌ كَذَّابٌ
(Ошондо) Фираундун туугандарынан болгон (жана) ыйманын жашырып жүргөн бир момун киши! айтты: «(Эмне, силер) «Раббим-Аллаһ» дегени үчүн эле, бир адамды өлтүрүп саласыңарбы?! Ал силерге Раббиңерден далил-баяндар алып келди го! Эгер ал жалганчы болсо, жалганы өз моюнуна! Эгер сөзү чын болуп калса, ал силерге убада кылган кээ бир азаптар башыңарга түшүп жүрбөсүн! Чынында, Аллаһ чектен чыккандарды, жалганчыларды Туура Жолго баштабайт

Choose other languages: