Quran Apps in many lanuages:

Surah Ghafir Ayahs #30 Translated in Kyrgyz

وَقَالَ فِرْعَوْنُ ذَرُونِي أَقْتُلْ مُوسَىٰ وَلْيَدْعُ رَبَّهُ ۖ إِنِّي أَخَافُ أَنْ يُبَدِّلَ دِينَكُمْ أَوْ أَنْ يُظْهِرَ فِي الْأَرْضِ الْفَسَادَ
Фираун айтты: «Мага койгула, Мусаны өлтүрөйүн. Жана ал Раббисине жалбара берсин. Мен силердин диниңерди (Муса) өзгөртүп же болбосо жер бетинде бузукулук чыгарып жиберишинен коркуп жатамын»
وَقَالَ مُوسَىٰ إِنِّي عُذْتُ بِرَبِّي وَرَبِّكُمْ مِنْ كُلِّ مُتَكَبِّرٍ لَا يُؤْمِنُ بِيَوْمِ الْحِسَابِ
Муса айтты: «Мен Өзүмдүн жана силердин Раббиңер Аллаһка жалбарып, эсеп (Кыямат) күнүнө ишенбеген ар бир текебер заалым-дан коргоосун суранамын»
وَقَالَ رَجُلٌ مُؤْمِنٌ مِنْ آلِ فِرْعَوْنَ يَكْتُمُ إِيمَانَهُ أَتَقْتُلُونَ رَجُلًا أَنْ يَقُولَ رَبِّيَ اللَّهُ وَقَدْ جَاءَكُمْ بِالْبَيِّنَاتِ مِنْ رَبِّكُمْ ۖ وَإِنْ يَكُ كَاذِبًا فَعَلَيْهِ كَذِبُهُ ۖ وَإِنْ يَكُ صَادِقًا يُصِبْكُمْ بَعْضُ الَّذِي يَعِدُكُمْ ۖ إِنَّ اللَّهَ لَا يَهْدِي مَنْ هُوَ مُسْرِفٌ كَذَّابٌ
(Ошондо) Фираундун туугандарынан болгон (жана) ыйманын жашырып жүргөн бир момун киши! айтты: «(Эмне, силер) «Раббим-Аллаһ» дегени үчүн эле, бир адамды өлтүрүп саласыңарбы?! Ал силерге Раббиңерден далил-баяндар алып келди го! Эгер ал жалганчы болсо, жалганы өз моюнуна! Эгер сөзү чын болуп калса, ал силерге убада кылган кээ бир азаптар башыңарга түшүп жүрбөсүн! Чынында, Аллаһ чектен чыккандарды, жалганчыларды Туура Жолго баштабайт
يَا قَوْمِ لَكُمُ الْمُلْكُ الْيَوْمَ ظَاهِرِينَ فِي الْأَرْضِ فَمَنْ يَنْصُرُنَا مِنْ بَأْسِ اللَّهِ إِنْ جَاءَنَا ۚ قَالَ فِرْعَوْنُ مَا أُرِيكُمْ إِلَّا مَا أَرَىٰ وَمَا أَهْدِيكُمْ إِلَّا سَبِيلَ الرَّشَادِ
О,коомум! Бүгүн бийлик силердин колуңарда. Жер бетинде жеңүүчү болуп турасыңар. Эгер Аллаһтын азабы келип калчу болсо, андан бизди ким куткара алат?!» Фираун айтты: «Мен силерге өзүмдүн пикиримден башка пикирди сунуш кылбаймын. Мен силерди Туура Жолго гана баштаймын.»
وَقَالَ الَّذِي آمَنَ يَا قَوْمِ إِنِّي أَخَافُ عَلَيْكُمْ مِثْلَ يَوْمِ الْأَحْزَابِ
Ыйман келтирген киши айтты: «О, коомум! Мен силердин башыңарга уюшкан топтордун күнүндөй күн түшүп калуусунан коркомун

Choose other languages: