Quran Apps in many lanuages:

Surah Ghafir Ayahs #26 Translated in Kyrgyz

ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمْ كَانَتْ تَأْتِيهِمْ رُسُلُهُمْ بِالْبَيِّنَاتِ فَكَفَرُوا فَأَخَذَهُمُ اللَّهُ ۚ إِنَّهُ قَوِيٌّ شَدِيدُ الْعِقَابِ
Мунун себеби: аларга өз пайгамбарлары анык аят-далилдер менен келгенде, каапыр болушкан. Анан Аллаһ аларды кыйраткан. Чынында, Ал Кубаттуу жана азабы катуу
وَلَقَدْ أَرْسَلْنَا مُوسَىٰ بِآيَاتِنَا وَسُلْطَانٍ مُبِينٍ
Биз Мусаны Өз аяттарыбыз жана анык далил менен жибердик
إِلَىٰ فِرْعَوْنَ وَهَامَانَ وَقَارُونَ فَقَالُوا سَاحِرٌ كَذَّابٌ
Фираунга, Хааманга, Каарунга! (жана алардын каапыр жердештерине). Алар болсо (Мусаны) «сыйкырчы», «жалганчы» дешти
فَلَمَّا جَاءَهُمْ بِالْحَقِّ مِنْ عِنْدِنَا قَالُوا اقْتُلُوا أَبْنَاءَ الَّذِينَ آمَنُوا مَعَهُ وَاسْتَحْيُوا نِسَاءَهُمْ ۚ وَمَا كَيْدُ الْكَافِرِينَ إِلَّا فِي ضَلَالٍ
Муса аларга Биздин алдыбыздан Акыйкатты алып келгенде алар: «Муса менен бирге ыйман келтирген Исраил урпактарынын уул перзенттерин өлтүрүп, кыз перзенттерине жашоо бергиле!» дешкен. Каапырлардын айлакерлиги анык адашуучулукта
وَقَالَ فِرْعَوْنُ ذَرُونِي أَقْتُلْ مُوسَىٰ وَلْيَدْعُ رَبَّهُ ۖ إِنِّي أَخَافُ أَنْ يُبَدِّلَ دِينَكُمْ أَوْ أَنْ يُظْهِرَ فِي الْأَرْضِ الْفَسَادَ
Фираун айтты: «Мага койгула, Мусаны өлтүрөйүн. Жана ал Раббисине жалбара берсин. Мен силердин диниңерди (Муса) өзгөртүп же болбосо жер бетинде бузукулук чыгарып жиберишинен коркуп жатамын»

Choose other languages: