Quran Apps in many lanuages:

Surah Ghafir Ayahs #25 Translated in Kyrgyz

أَوَلَمْ يَسِيرُوا فِي الْأَرْضِ فَيَنْظُرُوا كَيْفَ كَانَ عَاقِبَةُ الَّذِينَ كَانُوا مِنْ قَبْلِهِمْ ۚ كَانُوا هُمْ أَشَدَّ مِنْهُمْ قُوَّةً وَآثَارًا فِي الْأَرْضِ فَأَخَذَهُمُ اللَّهُ بِذُنُوبِهِمْ وَمَا كَانَ لَهُمْ مِنَ اللَّهِ مِنْ وَاقٍ
(Мушриктер) жер жүзүн кезип, саякат кылып көрүшпөйбү? Ошондо алар өздөрүнөн мурунку (мушрик) адамдардын акыбети эмне болгонун көрүшмөк. Алар булардан күч-кубаттуураак жана жер бетинде калтырган (маданий, аскерий) издери көбүрөөк болгон. Анан Аллаһ аларды (ширк) күнөөлөрү себептүү кыйратып салды. Аларга Аллаһ тарабынан эч кандай сактоочу болбоду
ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمْ كَانَتْ تَأْتِيهِمْ رُسُلُهُمْ بِالْبَيِّنَاتِ فَكَفَرُوا فَأَخَذَهُمُ اللَّهُ ۚ إِنَّهُ قَوِيٌّ شَدِيدُ الْعِقَابِ
Мунун себеби: аларга өз пайгамбарлары анык аят-далилдер менен келгенде, каапыр болушкан. Анан Аллаһ аларды кыйраткан. Чынында, Ал Кубаттуу жана азабы катуу
وَلَقَدْ أَرْسَلْنَا مُوسَىٰ بِآيَاتِنَا وَسُلْطَانٍ مُبِينٍ
Биз Мусаны Өз аяттарыбыз жана анык далил менен жибердик
إِلَىٰ فِرْعَوْنَ وَهَامَانَ وَقَارُونَ فَقَالُوا سَاحِرٌ كَذَّابٌ
Фираунга, Хааманга, Каарунга! (жана алардын каапыр жердештерине). Алар болсо (Мусаны) «сыйкырчы», «жалганчы» дешти
فَلَمَّا جَاءَهُمْ بِالْحَقِّ مِنْ عِنْدِنَا قَالُوا اقْتُلُوا أَبْنَاءَ الَّذِينَ آمَنُوا مَعَهُ وَاسْتَحْيُوا نِسَاءَهُمْ ۚ وَمَا كَيْدُ الْكَافِرِينَ إِلَّا فِي ضَلَالٍ
Муса аларга Биздин алдыбыздан Акыйкатты алып келгенде алар: «Муса менен бирге ыйман келтирген Исраил урпактарынын уул перзенттерин өлтүрүп, кыз перзенттерине жашоо бергиле!» дешкен. Каапырлардын айлакерлиги анык адашуучулукта

Choose other languages: