Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nisa Ayahs #57 Translated in Kyrgyz

أَمْ لَهُمْ نَصِيبٌ مِنَ الْمُلْكِ فَإِذًا لَا يُؤْتُونَ النَّاسَ نَقِيرًا
Же алардын колунда мүлк-бийлик бар бекен?! Болгон күндө деле (жеткен зыкымдыгынан улам) адамдарга кыпындай нерсени да ыраа көрүшмөк эмес
أَمْ يَحْسُدُونَ النَّاسَ عَلَىٰ مَا آتَاهُمُ اللَّهُ مِنْ فَضْلِهِ ۖ فَقَدْ آتَيْنَا آلَ إِبْرَاهِيمَ الْكِتَابَ وَالْحِكْمَةَ وَآتَيْنَاهُمْ مُلْكًا عَظِيمًا
Же болбосо, адамдарга (мусулмандарга) Аллаһ берген пазилет-артыкчылыкты көрө албай жатышабы. Биз Ибрахимдын үй-бүлөсүнө Китеп, Даанышмандык (пайгамбарчылык) жана чоң мүлк - бийлик бергенбиз
فَمِنْهُمْ مَنْ آمَنَ بِهِ وَمِنْهُمْ مَنْ صَدَّ عَنْهُ ۚ وَكَفَىٰ بِجَهَنَّمَ سَعِيرًا
Алардын (китеп ээлеринин) арасында ыйман келтиргендери да бар, (көралбастык менен адамдарды) андан тоскондор да бар. Аларга күйдүрүүчү Тозок жетиштүү
إِنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا بِآيَاتِنَا سَوْفَ نُصْلِيهِمْ نَارًا كُلَّمَا نَضِجَتْ جُلُودُهُمْ بَدَّلْنَاهُمْ جُلُودًا غَيْرَهَا لِيَذُوقُوا الْعَذَابَ ۗ إِنَّ اللَّهَ كَانَ عَزِيزًا حَكِيمًا
Биздин аяттарыбызга каапыр болгон адамдарды, жакында Тозокко таштайбыз. Ар качан терилери бышып (азапты сезбей) калганда, азаптын “даамын” сезиши үчүн аларды (н терилерин) башка териге алмаштырабыз. Албетте, Аллаһ (ар кандай ишке) Кудуреттүү жана Даанышман
وَالَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ سَنُدْخِلُهُمْ جَنَّاتٍ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ خَالِدِينَ فِيهَا أَبَدًا ۖ لَهُمْ فِيهَا أَزْوَاجٌ مُطَهَّرَةٌ ۖ وَنُدْخِلُهُمْ ظِلًّا ظَلِيلًا
Ал эми, ыйман келтирип, жакшы амал (сооптуу иш) кылгандарды болсо, жакында астынан дарыялар агып турган жана анда түбөлүк кала турган бейиштерге киргизебиз. Анда аларга (кулк-мүнөзү) таза-пакиза жубайлар бар. Биз аларды эң көлөкөлүү Бейиштерге киргизебиз

Choose other languages: