Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nisa Ayahs #59 Translated in Kyrgyz

فَمِنْهُمْ مَنْ آمَنَ بِهِ وَمِنْهُمْ مَنْ صَدَّ عَنْهُ ۚ وَكَفَىٰ بِجَهَنَّمَ سَعِيرًا
Алардын (китеп ээлеринин) арасында ыйман келтиргендери да бар, (көралбастык менен адамдарды) андан тоскондор да бар. Аларга күйдүрүүчү Тозок жетиштүү
إِنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا بِآيَاتِنَا سَوْفَ نُصْلِيهِمْ نَارًا كُلَّمَا نَضِجَتْ جُلُودُهُمْ بَدَّلْنَاهُمْ جُلُودًا غَيْرَهَا لِيَذُوقُوا الْعَذَابَ ۗ إِنَّ اللَّهَ كَانَ عَزِيزًا حَكِيمًا
Биздин аяттарыбызга каапыр болгон адамдарды, жакында Тозокко таштайбыз. Ар качан терилери бышып (азапты сезбей) калганда, азаптын “даамын” сезиши үчүн аларды (н терилерин) башка териге алмаштырабыз. Албетте, Аллаһ (ар кандай ишке) Кудуреттүү жана Даанышман
وَالَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ سَنُدْخِلُهُمْ جَنَّاتٍ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ خَالِدِينَ فِيهَا أَبَدًا ۖ لَهُمْ فِيهَا أَزْوَاجٌ مُطَهَّرَةٌ ۖ وَنُدْخِلُهُمْ ظِلًّا ظَلِيلًا
Ал эми, ыйман келтирип, жакшы амал (сооптуу иш) кылгандарды болсо, жакында астынан дарыялар агып турган жана анда түбөлүк кала турган бейиштерге киргизебиз. Анда аларга (кулк-мүнөзү) таза-пакиза жубайлар бар. Биз аларды эң көлөкөлүү Бейиштерге киргизебиз
إِنَّ اللَّهَ يَأْمُرُكُمْ أَنْ تُؤَدُّوا الْأَمَانَاتِ إِلَىٰ أَهْلِهَا وَإِذَا حَكَمْتُمْ بَيْنَ النَّاسِ أَنْ تَحْكُمُوا بِالْعَدْلِ ۚ إِنَّ اللَّهَ نِعِمَّا يَعِظُكُمْ بِهِ ۗ إِنَّ اللَّهَ كَانَ سَمِيعًا بَصِيرًا
(О, момундар!) Аллаһ силерди аманаттарды өз ээлерине кайтарууга буюрат. Жана эгер адамдардын арасында өкүм кылуучу болуп калсаңар, (Аллаһ көргөзгөндөй) адилеттик менен өкүм чыгарууга буюрат. Албетте, Аллаһ, силерге эң жакшы нерселерди насаат кылды. Чынында, Аллаһ Угуучу, Көрүүчү
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا أَطِيعُوا اللَّهَ وَأَطِيعُوا الرَّسُولَ وَأُولِي الْأَمْرِ مِنْكُمْ ۖ فَإِنْ تَنَازَعْتُمْ فِي شَيْءٍ فَرُدُّوهُ إِلَى اللَّهِ وَالرَّسُولِ إِنْ كُنْتُمْ تُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ ۚ ذَٰلِكَ خَيْرٌ وَأَحْسَنُ تَأْوِيلًا
О, ыйман келтиргендер! Аллаһка, пайгамбарга жана өзүңөрдөн (мусулмандардан) болгон иш башчыңарга моюн сунгула. Кайсыл бир маселеде талашып калсаңар, эгер Аллаһка жана Акырет күнүнө ишенүүчү болсоңор ал маселени Аллаһка жана пайгамбарга кайтаргыла. Ушул (силер үчүн) жакшы жана эң абзел чечим (болуп саналат)

Choose other languages: