Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nisa Ayahs #56 Translated in Kyrgyz

أُولَٰئِكَ الَّذِينَ لَعَنَهُمُ اللَّهُ ۖ وَمَنْ يَلْعَنِ اللَّهُ فَلَنْ تَجِدَ لَهُ نَصِيرًا
Аларды Аллаһ Өз ырайымынан кууган. Аллаһ кимди Өз ырайымынан ажыраткан болсо, ага эч бир жардамчы таба албайсың
أَمْ لَهُمْ نَصِيبٌ مِنَ الْمُلْكِ فَإِذًا لَا يُؤْتُونَ النَّاسَ نَقِيرًا
Же алардын колунда мүлк-бийлик бар бекен?! Болгон күндө деле (жеткен зыкымдыгынан улам) адамдарга кыпындай нерсени да ыраа көрүшмөк эмес
أَمْ يَحْسُدُونَ النَّاسَ عَلَىٰ مَا آتَاهُمُ اللَّهُ مِنْ فَضْلِهِ ۖ فَقَدْ آتَيْنَا آلَ إِبْرَاهِيمَ الْكِتَابَ وَالْحِكْمَةَ وَآتَيْنَاهُمْ مُلْكًا عَظِيمًا
Же болбосо, адамдарга (мусулмандарга) Аллаһ берген пазилет-артыкчылыкты көрө албай жатышабы. Биз Ибрахимдын үй-бүлөсүнө Китеп, Даанышмандык (пайгамбарчылык) жана чоң мүлк - бийлик бергенбиз
فَمِنْهُمْ مَنْ آمَنَ بِهِ وَمِنْهُمْ مَنْ صَدَّ عَنْهُ ۚ وَكَفَىٰ بِجَهَنَّمَ سَعِيرًا
Алардын (китеп ээлеринин) арасында ыйман келтиргендери да бар, (көралбастык менен адамдарды) андан тоскондор да бар. Аларга күйдүрүүчү Тозок жетиштүү
إِنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا بِآيَاتِنَا سَوْفَ نُصْلِيهِمْ نَارًا كُلَّمَا نَضِجَتْ جُلُودُهُمْ بَدَّلْنَاهُمْ جُلُودًا غَيْرَهَا لِيَذُوقُوا الْعَذَابَ ۗ إِنَّ اللَّهَ كَانَ عَزِيزًا حَكِيمًا
Биздин аяттарыбызга каапыр болгон адамдарды, жакында Тозокко таштайбыз. Ар качан терилери бышып (азапты сезбей) калганда, азаптын “даамын” сезиши үчүн аларды (н терилерин) башка териге алмаштырабыз. Албетте, Аллаһ (ар кандай ишке) Кудуреттүү жана Даанышман

Choose other languages: