Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nisa Ayahs #55 Translated in Kyrgyz

أَلَمْ تَرَ إِلَى الَّذِينَ أُوتُوا نَصِيبًا مِنَ الْكِتَابِ يُؤْمِنُونَ بِالْجِبْتِ وَالطَّاغُوتِ وَيَقُولُونَ لِلَّذِينَ كَفَرُوا هَٰؤُلَاءِ أَهْدَىٰ مِنَ الَّذِينَ آمَنُوا سَبِيلًا
Китептен насип-үлүш берилген адамдарга карабайсыңбы: Алар “жибт” жана “таагут(тар) га”? сыйынып жатышат жана каапырлар жөнүндө (аларга жагымпоздук кылып, ыйманды жек көрүп): “Ошолор момундарга караганда туурараак жолдо” деп жатышат
أُولَٰئِكَ الَّذِينَ لَعَنَهُمُ اللَّهُ ۖ وَمَنْ يَلْعَنِ اللَّهُ فَلَنْ تَجِدَ لَهُ نَصِيرًا
Аларды Аллаһ Өз ырайымынан кууган. Аллаһ кимди Өз ырайымынан ажыраткан болсо, ага эч бир жардамчы таба албайсың
أَمْ لَهُمْ نَصِيبٌ مِنَ الْمُلْكِ فَإِذًا لَا يُؤْتُونَ النَّاسَ نَقِيرًا
Же алардын колунда мүлк-бийлик бар бекен?! Болгон күндө деле (жеткен зыкымдыгынан улам) адамдарга кыпындай нерсени да ыраа көрүшмөк эмес
أَمْ يَحْسُدُونَ النَّاسَ عَلَىٰ مَا آتَاهُمُ اللَّهُ مِنْ فَضْلِهِ ۖ فَقَدْ آتَيْنَا آلَ إِبْرَاهِيمَ الْكِتَابَ وَالْحِكْمَةَ وَآتَيْنَاهُمْ مُلْكًا عَظِيمًا
Же болбосо, адамдарга (мусулмандарга) Аллаһ берген пазилет-артыкчылыкты көрө албай жатышабы. Биз Ибрахимдын үй-бүлөсүнө Китеп, Даанышмандык (пайгамбарчылык) жана чоң мүлк - бийлик бергенбиз
فَمِنْهُمْ مَنْ آمَنَ بِهِ وَمِنْهُمْ مَنْ صَدَّ عَنْهُ ۚ وَكَفَىٰ بِجَهَنَّمَ سَعِيرًا
Алардын (китеп ээлеринин) арасында ыйман келтиргендери да бар, (көралбастык менен адамдарды) андан тоскондор да бар. Аларга күйдүрүүчү Тозок жетиштүү

Choose other languages: