Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nisa Ayahs #39 Translated in Kyrgyz

وَإِنْ خِفْتُمْ شِقَاقَ بَيْنِهِمَا فَابْعَثُوا حَكَمًا مِنْ أَهْلِهِ وَحَكَمًا مِنْ أَهْلِهَا إِنْ يُرِيدَا إِصْلَاحًا يُوَفِّقِ اللَّهُ بَيْنَهُمَا ۗ إِنَّ اللَّهَ كَانَ عَلِيمًا خَبِيرًا
Эгер эрди-катындын арасында жарака кетүүсүнөн корксоңор, эрдин жакындарынан бир өкүм кылуучуну жана катындын жакындарынан да бир өкүм кылуучуну (маселени чечүү үчүн) жибергиле. Эгер ал эки өкүм кылуучу жарашытырууну кааласа, Аллаһ жубайлардын арасына тынчтык-ынтымакты салат. Албетте, Аллаһ (бардыгын) Билүүчү, Кабардар
وَاعْبُدُوا اللَّهَ وَلَا تُشْرِكُوا بِهِ شَيْئًا ۖ وَبِالْوَالِدَيْنِ إِحْسَانًا وَبِذِي الْقُرْبَىٰ وَالْيَتَامَىٰ وَالْمَسَاكِينِ وَالْجَارِ ذِي الْقُرْبَىٰ وَالْجَارِ الْجُنُبِ وَالصَّاحِبِ بِالْجَنْبِ وَابْنِ السَّبِيلِ وَمَا مَلَكَتْ أَيْمَانُكُمْ ۗ إِنَّ اللَّهَ لَا يُحِبُّ مَنْ كَانَ مُخْتَالًا فَخُورًا
Жана Аллаһка ибадат кылгыла (Анын бардык өкүмдөрүнө моюн сунгула) жана Ага эч нерсени шерик кылбагыла. Ата-энеңерге, тууган-уругуңарга, жетимдерге, мискин-жакырларга, тууганчылыгы бар кошунаңарга, бөтөн кошунаңарга, жаныңардагы жолдошуңарга, мусапыр-карыптарга жана кол астыңардагы адамдарга (жана айбандарга да) жакшылык кылгыла. Чынында, Аллаһ текебер, мактанчаак адамдарды сүйбөйт
الَّذِينَ يَبْخَلُونَ وَيَأْمُرُونَ النَّاسَ بِالْبُخْلِ وَيَكْتُمُونَ مَا آتَاهُمُ اللَّهُ مِنْ فَضْلِهِ ۗ وَأَعْتَدْنَا لِلْكَافِرِينَ عَذَابًا مُهِينًا
Алар өздөрү да сараңдык кылышат, адамдарды да сараңдыкка буюрушат жана Аллаһ Өз пазилетинен берген нээматтарды (адамдардан) жашырат. Биз каапырларга кор кылуучу азапты даярдап койдук
وَالَّذِينَ يُنْفِقُونَ أَمْوَالَهُمْ رِئَاءَ النَّاسِ وَلَا يُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ وَلَا بِالْيَوْمِ الْآخِرِ ۗ وَمَنْ يَكُنِ الشَّيْطَانُ لَهُ قَرِينًا فَسَاءَ قَرِينًا
Мал-дүйнөлөрүн рия (адамдарга көрүнүү, атагы чыгуу) үчүн садака-эхсан кылган жана өздөрү Аллаһка да, Акыретке да ишенбей турган адамдарды дагы (Аллаһ сүйбөйт). Шайтан кимдин жакын досу болсо, ал эң жаман дос
وَمَاذَا عَلَيْهِمْ لَوْ آمَنُوا بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ وَأَنْفَقُوا مِمَّا رَزَقَهُمُ اللَّهُ ۚ وَكَانَ اللَّهُ بِهِمْ عَلِيمًا
Эгер Аллаһка, Акырет күнүнө ыйман келтирип, Аллаһ аларга ырыскы кылып берген нерселерден (рия кошпой) садака кылса аларга кайдан зыян болмок эле?! Аллаһ аларды Билүүчү

Choose other languages: