Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nisa Ayahs #42 Translated in Kyrgyz

وَالَّذِينَ يُنْفِقُونَ أَمْوَالَهُمْ رِئَاءَ النَّاسِ وَلَا يُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ وَلَا بِالْيَوْمِ الْآخِرِ ۗ وَمَنْ يَكُنِ الشَّيْطَانُ لَهُ قَرِينًا فَسَاءَ قَرِينًا
Мал-дүйнөлөрүн рия (адамдарга көрүнүү, атагы чыгуу) үчүн садака-эхсан кылган жана өздөрү Аллаһка да, Акыретке да ишенбей турган адамдарды дагы (Аллаһ сүйбөйт). Шайтан кимдин жакын досу болсо, ал эң жаман дос
وَمَاذَا عَلَيْهِمْ لَوْ آمَنُوا بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ وَأَنْفَقُوا مِمَّا رَزَقَهُمُ اللَّهُ ۚ وَكَانَ اللَّهُ بِهِمْ عَلِيمًا
Эгер Аллаһка, Акырет күнүнө ыйман келтирип, Аллаһ аларга ырыскы кылып берген нерселерден (рия кошпой) садака кылса аларга кайдан зыян болмок эле?! Аллаһ аларды Билүүчү
إِنَّ اللَّهَ لَا يَظْلِمُ مِثْقَالَ ذَرَّةٍ ۖ وَإِنْ تَكُ حَسَنَةً يُضَاعِفْهَا وَيُؤْتِ مِنْ لَدُنْهُ أَجْرًا عَظِيمًا
Албетте, Аллаһ эч кимге чаңдын бүртүгүнүн салмагынча да зулум кылбайт. Эгер (пенденин иши чаңдын бүртүгүнчөлүк) жакшылык болсо, аны көбөйтөт жана Өзүнүн даргөйүнөн чоң сооп берет
فَكَيْفَ إِذَا جِئْنَا مِنْ كُلِّ أُمَّةٍ بِشَهِيدٍ وَجِئْنَا بِكَ عَلَىٰ هَٰؤُلَاءِ شَهِيدًا
(О, Мухаммад!) бир кезде (Кыяматта) Биз ар бир үммөттөн бир күбөнү (алардын пайгамбарларын) келтирсек жана сени тиги (каапыр) адамдарга каршы күбөгө тартсак абал кандай болот
يَوْمَئِذٍ يَوَدُّ الَّذِينَ كَفَرُوا وَعَصَوُا الرَّسُولَ لَوْ تُسَوَّىٰ بِهِمُ الْأَرْضُ وَلَا يَكْتُمُونَ اللَّهَ حَدِيثًا
Ал Күндө пайгамбарга каяша айтып, каапыр болгондор жер аларды көмүп, тегиз болуп калуусун эңсешет. Бирок, Аллаһтан эч бир сөздү жашыра алышпайт

Choose other languages: