Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nisa Ayahs #162 Translated in Kyrgyz

بَلْ رَفَعَهُ اللَّهُ إِلَيْهِ ۚ وَكَانَ اللَّهُ عَزِيزًا حَكِيمًا
Тескерисинче, аны Аллаһ Өзүнө көтөрүп алган. Аллаһ Кудуреттүү, Даанышман
وَإِنْ مِنْ أَهْلِ الْكِتَابِ إِلَّا لَيُؤْمِنَنَّ بِهِ قَبْلَ مَوْتِهِ ۖ وَيَوْمَ الْقِيَامَةِ يَكُونُ عَلَيْهِمْ شَهِيدًا
Китеп ээлеринин бардыгы (яхудийлери да христиандары да) ага өлүмүнөн бир аз мурун ыйман келтиришет. Жана Кыямат Күндө болсо, ал (Ыйса) алардын (өзү жөнүндө жалган ишенимде болгондордун) зыянына күбөлүк берет
فَبِظُلْمٍ مِنَ الَّذِينَ هَادُوا حَرَّمْنَا عَلَيْهِمْ طَيِّبَاتٍ أُحِلَّتْ لَهُمْ وَبِصَدِّهِمْ عَنْ سَبِيلِ اللَّهِ كَثِيرًا
Биз яхудийлерге, заалым болгону, көп адамдарды Аллаһтын Жолунан тоскону себептүү (мурда) аларга адал болгон (кээ бир) таза-пакиза тамактарды арам кылдык
وَأَخْذِهِمُ الرِّبَا وَقَدْ نُهُوا عَنْهُ وَأَكْلِهِمْ أَمْوَالَ النَّاسِ بِالْبَاطِلِ ۚ وَأَعْتَدْنَا لِلْكَافِرِينَ مِنْهُمْ عَذَابًا أَلِيمًا
Жана сүткорлукту — андан кайтарылганына карабай — алганы, ошондой эле, адамдардын мал-мүлкүн арам жолдор менен жегени себептүү (мурда аларга адал болгон кээ бир таза-пакиза тамактарды арам кылдык). Жана алардын арасынан каапыр болгондоруна жан сыздаткан азапты даярдап койдук
لَٰكِنِ الرَّاسِخُونَ فِي الْعِلْمِ مِنْهُمْ وَالْمُؤْمِنُونَ يُؤْمِنُونَ بِمَا أُنْزِلَ إِلَيْكَ وَمَا أُنْزِلَ مِنْ قَبْلِكَ ۚ وَالْمُقِيمِينَ الصَّلَاةَ ۚ وَالْمُؤْتُونَ الزَّكَاةَ وَالْمُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ أُولَٰئِكَ سَنُؤْتِيهِمْ أَجْرًا عَظِيمًا
Бирок, (о, Мухаммад!) китеп ээлеринин арасынан илимде терең болгондору жана сага түшүрүлгөн нерсеге (Кураанга), сенден мурун түшүрүлгөн китептерге ишенген момундары, (айрыкча) намазды (толук-түгөл) окугандары, зекетти бергендери жана Аллаһка, Акырет Күнүнө ыйман келтиргендери бар. Ошолорго биз жакында үлкөн сооп-сыйлык беребиз

Choose other languages: