Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nisa Ayahs #18 Translated in Kyrgyz

وَمَنْ يَعْصِ اللَّهَ وَرَسُولَهُ وَيَتَعَدَّ حُدُودَهُ يُدْخِلْهُ نَارًا خَالِدًا فِيهَا وَلَهُ عَذَابٌ مُهِينٌ
Ал эми, ким Аллаһка жана пайгамбарына (каапыр болуу менен толук) күнөө кылса жана Аллаһтын чектеринен чыкса, аны түбөлүк кала турган Тозокко киргизет. Ага кор кылуучу азап бар
وَاللَّاتِي يَأْتِينَ الْفَاحِشَةَ مِنْ نِسَائِكُمْ فَاسْتَشْهِدُوا عَلَيْهِنَّ أَرْبَعَةً مِنْكُمْ ۖ فَإِنْ شَهِدُوا فَأَمْسِكُوهُنَّ فِي الْبُيُوتِ حَتَّىٰ يَتَوَفَّاهُنَّ الْمَوْتُ أَوْ يَجْعَلَ اللَّهُ لَهُنَّ سَبِيلًا
(О, момундар) зайыптарыңардын арасында бузукулук (зынаа) кылгандары болсо, аларга өзүңөрдөн (мусулмандардан) төрт күбө алып келгиле. Эгер алар (анык далилдер менен) күбөлүккө өтсө, аларды ажал алып кеткенге чейин же болбосо, Аллаһ аларга (бул жазадан башка жазалоочу) жол көрсөткөнгө чейин үйлөргө камап койгула
وَاللَّذَانِ يَأْتِيَانِهَا مِنْكُمْ فَآذُوهُمَا ۖ فَإِنْ تَابَا وَأَصْلَحَا فَأَعْرِضُوا عَنْهُمَا ۗ إِنَّ اللَّهَ كَانَ تَوَّابًا رَحِيمًا
Силерден (эркек-аялдардан) экөө ушуну (зынааны) жасаган болсо, ал экөөнү сазайын бергиле. Анан эгер тообосуна таянып оңолсо, алардан жүз бургула (жазаны токтоткула). Албетте, Аллаһ тообаларды кабыл алуучу, Мээримдүү
إِنَّمَا التَّوْبَةُ عَلَى اللَّهِ لِلَّذِينَ يَعْمَلُونَ السُّوءَ بِجَهَالَةٍ ثُمَّ يَتُوبُونَ مِنْ قَرِيبٍ فَأُولَٰئِكَ يَتُوبُ اللَّهُ عَلَيْهِمْ ۗ وَكَانَ اللَّهُ عَلِيمًا حَكِيمًا
Албетте, Аллаһтын тообаларды кечирүүсү күнөө ишти билбестен жасап алып, кийин дароо тооба келтирген кишилерге арналган. Аллаһ андай адамдардын тообасын кабыл алат. Аллаһ Билүүчү, Даанышман
وَلَيْسَتِ التَّوْبَةُ لِلَّذِينَ يَعْمَلُونَ السَّيِّئَاتِ حَتَّىٰ إِذَا حَضَرَ أَحَدَهُمُ الْمَوْتُ قَالَ إِنِّي تُبْتُ الْآنَ وَلَا الَّذِينَ يَمُوتُونَ وَهُمْ كُفَّارٌ ۚ أُولَٰئِكَ أَعْتَدْنَا لَهُمْ عَذَابًا أَلِيمًا
Ал эми, күнөө кылып жүрө берип, качан алардан бирине өлүм (жазасы) келгенде гана “Мен эми тооба кылдым!” дей турган адамдарга жана каапыр бойдон өлүп кетүүчүлөрдүн тообалары кабыл алынбайт. Андай адамдарга Биз жан ооруткан азапты даярдап койгонбуз

Choose other languages: