Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nisa Ayahs #113 Translated in Kyrgyz

هَا أَنْتُمْ هَٰؤُلَاءِ جَادَلْتُمْ عَنْهُمْ فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا فَمَنْ يُجَادِلُ اللَّهَ عَنْهُمْ يَوْمَ الْقِيَامَةِ أَمْ مَنْ يَكُونُ عَلَيْهِمْ وَكِيلًا
О, силер (кыянатчыларга актоочу болгондор!) Бул дүйнө жашоосунда го, аларды актап талаштыңар. Ал эми, Кыямат Күнү аларды актап Аллаһ менен ким талаша алат?! Же болбосо, ким аларга таяныч боло алат
وَمَنْ يَعْمَلْ سُوءًا أَوْ يَظْلِمْ نَفْسَهُ ثُمَّ يَسْتَغْفِرِ اللَّهَ يَجِدِ اللَّهَ غَفُورًا رَحِيمًا
Жана ким бир жаман (күнөө) иш кылса же өзүнө зулумдук кылып алса, кийин (артынан) Аллаһтан кечирим сураса, Аллаһты Кечиримдүү, Мээримдүү экенин табат
وَمَنْ يَكْسِبْ إِثْمًا فَإِنَّمَا يَكْسِبُهُ عَلَىٰ نَفْسِهِ ۚ وَكَانَ اللَّهُ عَلِيمًا حَكِيمًا
Ким бир күнөө иш жасаса (анын жазасы) өзүнө. Аллаһ - Билүүчү, Даанышман
وَمَنْ يَكْسِبْ خَطِيئَةً أَوْ إِثْمًا ثُمَّ يَرْمِ بِهِ بَرِيئًا فَقَدِ احْتَمَلَ بُهْتَانًا وَإِثْمًا مُبِينًا
Кимде ким бир чоң күнөө же башка кылмыш ишин жасап, кийин аны бейкүнөө адамга төңкөсө, ал өз мойнуна доомат жана чоң күнөөнү илип алыптыр
وَلَوْلَا فَضْلُ اللَّهِ عَلَيْكَ وَرَحْمَتُهُ لَهَمَّتْ طَائِفَةٌ مِنْهُمْ أَنْ يُضِلُّوكَ وَمَا يُضِلُّونَ إِلَّا أَنْفُسَهُمْ ۖ وَمَا يَضُرُّونَكَ مِنْ شَيْءٍ ۚ وَأَنْزَلَ اللَّهُ عَلَيْكَ الْكِتَابَ وَالْحِكْمَةَ وَعَلَّمَكَ مَا لَمْ تَكُنْ تَعْلَمُ ۚ وَكَانَ فَضْلُ اللَّهِ عَلَيْكَ عَظِيمًا
(О, Мухаммад!) эгер сага Аллаһтын пазилети жана ырайымы болбогондо алардан (кыянатчылардан) бир тайпа сени адаштырууга жан үрөп калышкан эле. Бирок, алар (сени эмес) өздөрүн гана адаштырышат жана сага эч кандай зыян жеткире алышпайт. Аллаһ сага (бардык нерселердин баян-илимин өз ичине камтыган) китеп - Кураанды жана Сүннөттү түшүрүп, билбеген нерселериңди билгизди. Аллаһтын сага (берген) пазилети улук

Choose other languages: