Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nisa Ayahs #107 Translated in Kyrgyz

فَإِذَا قَضَيْتُمُ الصَّلَاةَ فَاذْكُرُوا اللَّهَ قِيَامًا وَقُعُودًا وَعَلَىٰ جُنُوبِكُمْ ۚ فَإِذَا اطْمَأْنَنْتُمْ فَأَقِيمُوا الصَّلَاةَ ۚ إِنَّ الصَّلَاةَ كَانَتْ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ كِتَابًا مَوْقُوتًا
Ал эми, намазды окуп бүткөнүңөрдөн кийин, турган, отурган жана жамбаштап жаткан (бардык) убактыңарда Аллаһты зикир кылгыла. Эгер (согуштан) тынч болгонуңарда намазды толук окугула. Албетте, намаз момун адамдар үчүн өз убактысында окулуучу парыз болду
وَلَا تَهِنُوا فِي ابْتِغَاءِ الْقَوْمِ ۖ إِنْ تَكُونُوا تَأْلَمُونَ فَإِنَّهُمْ يَأْلَمُونَ كَمَا تَأْلَمُونَ ۖ وَتَرْجُونَ مِنَ اللَّهِ مَا لَا يَرْجُونَ ۗ وَكَانَ اللَّهُ عَلِيمًا حَكِيمًا
(Душман) коомдун артынан сая түшүүдөн талыкпагыла. Эгер силер азап чеккен болсоңор, алар деле силер сыяктуу азап чегишти. (Экинчиден) силер Аллаһтан, алар үмүт кылбаган нерсени (Бейишти) үмүт кылып жатасыңар. Аллаһ Билүүчү, Даанышман
إِنَّا أَنْزَلْنَا إِلَيْكَ الْكِتَابَ بِالْحَقِّ لِتَحْكُمَ بَيْنَ النَّاسِ بِمَا أَرَاكَ اللَّهُ ۚ وَلَا تَكُنْ لِلْخَائِنِينَ خَصِيمًا
(О, Мухаммад!) Биз сага китепти (Кураанды) акыйкат менен (бузулбай турган жана бардык кабарлары чындык болгон абалда) адамдар арасында Аллаһ көргөзгөн жол менен өкүм кылышың үчүн түшүрдүк. Жана сен кыянатчыга тарапкер болбогун
وَاسْتَغْفِرِ اللَّهَ ۖ إِنَّ اللَّهَ كَانَ غَفُورًا رَحِيمًا
(Эгер сенден ката кеткен болсо) Аллаһтан кечирим сура. Албетте, Аллаһ Кечиримдүү, Мээримдүү
وَلَا تُجَادِلْ عَنِ الَّذِينَ يَخْتَانُونَ أَنْفُسَهُمْ ۚ إِنَّ اللَّهَ لَا يُحِبُّ مَنْ كَانَ خَوَّانًا أَثِيمًا
Сен өздөрүнө кыянат (зулум) кылган (кылмышкер) адамдардын тарабында туруп талашпа. Аллаһ күнөө - кыянатты көп жасаган адамдарды сүйбөйт

Choose other languages: