Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nisa Ayahs #109 Translated in Kyrgyz

إِنَّا أَنْزَلْنَا إِلَيْكَ الْكِتَابَ بِالْحَقِّ لِتَحْكُمَ بَيْنَ النَّاسِ بِمَا أَرَاكَ اللَّهُ ۚ وَلَا تَكُنْ لِلْخَائِنِينَ خَصِيمًا
(О, Мухаммад!) Биз сага китепти (Кураанды) акыйкат менен (бузулбай турган жана бардык кабарлары чындык болгон абалда) адамдар арасында Аллаһ көргөзгөн жол менен өкүм кылышың үчүн түшүрдүк. Жана сен кыянатчыга тарапкер болбогун
وَاسْتَغْفِرِ اللَّهَ ۖ إِنَّ اللَّهَ كَانَ غَفُورًا رَحِيمًا
(Эгер сенден ката кеткен болсо) Аллаһтан кечирим сура. Албетте, Аллаһ Кечиримдүү, Мээримдүү
وَلَا تُجَادِلْ عَنِ الَّذِينَ يَخْتَانُونَ أَنْفُسَهُمْ ۚ إِنَّ اللَّهَ لَا يُحِبُّ مَنْ كَانَ خَوَّانًا أَثِيمًا
Сен өздөрүнө кыянат (зулум) кылган (кылмышкер) адамдардын тарабында туруп талашпа. Аллаһ күнөө - кыянатты көп жасаган адамдарды сүйбөйт
يَسْتَخْفُونَ مِنَ النَّاسِ وَلَا يَسْتَخْفُونَ مِنَ اللَّهِ وَهُوَ مَعَهُمْ إِذْ يُبَيِّتُونَ مَا لَا يَرْضَىٰ مِنَ الْقَوْلِ ۚ وَكَانَ اللَّهُ بِمَا يَعْمَلُونَ مُحِيطًا
(Күнөө, кыянатты көп жасагандар күнөө - кылмыштарын) адамдардан жашыра алышат, а бирок Аллаһтан жашыра алышпайт. Чынында, алар түндөсү жашынып алып, Аллаһка жакпаган сөздөрдү ойлонуп жатканда да Аллаһ (Өзүнүн илими менен) алардын жанында болот. Аллаһ алардын бардык иштерин Ороп алуучу
هَا أَنْتُمْ هَٰؤُلَاءِ جَادَلْتُمْ عَنْهُمْ فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا فَمَنْ يُجَادِلُ اللَّهَ عَنْهُمْ يَوْمَ الْقِيَامَةِ أَمْ مَنْ يَكُونُ عَلَيْهِمْ وَكِيلًا
О, силер (кыянатчыларга актоочу болгондор!) Бул дүйнө жашоосунда го, аларды актап талаштыңар. Ал эми, Кыямат Күнү аларды актап Аллаһ менен ким талаша алат?! Же болбосо, ким аларга таяныч боло алат

Choose other languages: