Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nisa Ayahs #111 Translated in Kyrgyz

وَلَا تُجَادِلْ عَنِ الَّذِينَ يَخْتَانُونَ أَنْفُسَهُمْ ۚ إِنَّ اللَّهَ لَا يُحِبُّ مَنْ كَانَ خَوَّانًا أَثِيمًا
Сен өздөрүнө кыянат (зулум) кылган (кылмышкер) адамдардын тарабында туруп талашпа. Аллаһ күнөө - кыянатты көп жасаган адамдарды сүйбөйт
يَسْتَخْفُونَ مِنَ النَّاسِ وَلَا يَسْتَخْفُونَ مِنَ اللَّهِ وَهُوَ مَعَهُمْ إِذْ يُبَيِّتُونَ مَا لَا يَرْضَىٰ مِنَ الْقَوْلِ ۚ وَكَانَ اللَّهُ بِمَا يَعْمَلُونَ مُحِيطًا
(Күнөө, кыянатты көп жасагандар күнөө - кылмыштарын) адамдардан жашыра алышат, а бирок Аллаһтан жашыра алышпайт. Чынында, алар түндөсү жашынып алып, Аллаһка жакпаган сөздөрдү ойлонуп жатканда да Аллаһ (Өзүнүн илими менен) алардын жанында болот. Аллаһ алардын бардык иштерин Ороп алуучу
هَا أَنْتُمْ هَٰؤُلَاءِ جَادَلْتُمْ عَنْهُمْ فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا فَمَنْ يُجَادِلُ اللَّهَ عَنْهُمْ يَوْمَ الْقِيَامَةِ أَمْ مَنْ يَكُونُ عَلَيْهِمْ وَكِيلًا
О, силер (кыянатчыларга актоочу болгондор!) Бул дүйнө жашоосунда го, аларды актап талаштыңар. Ал эми, Кыямат Күнү аларды актап Аллаһ менен ким талаша алат?! Же болбосо, ким аларга таяныч боло алат
وَمَنْ يَعْمَلْ سُوءًا أَوْ يَظْلِمْ نَفْسَهُ ثُمَّ يَسْتَغْفِرِ اللَّهَ يَجِدِ اللَّهَ غَفُورًا رَحِيمًا
Жана ким бир жаман (күнөө) иш кылса же өзүнө зулумдук кылып алса, кийин (артынан) Аллаһтан кечирим сураса, Аллаһты Кечиримдүү, Мээримдүү экенин табат
وَمَنْ يَكْسِبْ إِثْمًا فَإِنَّمَا يَكْسِبُهُ عَلَىٰ نَفْسِهِ ۚ وَكَانَ اللَّهُ عَلِيمًا حَكِيمًا
Ким бир күнөө иш жасаса (анын жазасы) өзүнө. Аллаһ - Билүүчү, Даанышман

Choose other languages: