Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Maeda Ayahs #100 Translated in Kyrgyz

أُحِلَّ لَكُمْ صَيْدُ الْبَحْرِ وَطَعَامُهُ مَتَاعًا لَكُمْ وَلِلسَّيَّارَةِ ۖ وَحُرِّمَ عَلَيْكُمْ صَيْدُ الْبَرِّ مَا دُمْتُمْ حُرُمًا ۗ وَاتَّقُوا اللَّهَ الَّذِي إِلَيْهِ تُحْشَرُونَ
Силерге деңиздин олжосу жана (өлүп, жээкке чыгып калган) даам-тамагы (ихрамда болсоңор да) адал кылынды. Силерге жана башка мусапырларга пайда болсун үчүн. Бирок, ихрамдагы кезиңерде, силер үчүн кургактыкта аң уулоо арам кылынды. (Кыяматта) Анын алдына чогула турган Аллаһтан корккула
جَعَلَ اللَّهُ الْكَعْبَةَ الْبَيْتَ الْحَرَامَ قِيَامًا لِلنَّاسِ وَالشَّهْرَ الْحَرَامَ وَالْهَدْيَ وَالْقَلَائِدَ ۚ ذَٰلِكَ لِتَعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ يَعْلَمُ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ وَأَنَّ اللَّهَ بِكُلِّ شَيْءٍ عَلِيمٌ
Аллаһ Каабаны — Байт аль-Харамды, согуш арам кылынган айларды, Аллаһка арналган белек-жандыктарды жана (ал жандыктардын мойнуна асып коюлган) мончокторду адамдар үчүн тууралыктын негизи кылып койду. Бул (нерсе) Аллаһ асмандар жана жердеги нерселерди билишин билип коюуңар үчүн. Аллаһ ар бир нерсени Билүүчү
اعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ شَدِيدُ الْعِقَابِ وَأَنَّ اللَّهَ غَفُورٌ رَحِيمٌ
Билип койгула, Аллаһ — катуу азап берүүчү жана Аллаһ — Кечиримдүү, Мээримдүү
مَا عَلَى الرَّسُولِ إِلَّا الْبَلَاغُ ۗ وَاللَّهُ يَعْلَمُ مَا تُبْدُونَ وَمَا تَكْتُمُونَ
Пайгамбардын вазыйпасы (динди) жеткирүү гана. Ал эми, жашыруун жана ашкере кылган ишиңердин баарын Аллаһ билет (жана ошого жараша эсептешет)
قُلْ لَا يَسْتَوِي الْخَبِيثُ وَالطَّيِّبُ وَلَوْ أَعْجَبَكَ كَثْرَةُ الْخَبِيثِ ۚ فَاتَّقُوا اللَّهَ يَا أُولِي الْأَلْبَابِ لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ
Айт: «Эгер сени ыпыластыктын көптүгү кызыктырса да, “ыпыластык менен тазалык эч качан тең болбойт. О, акылмандар! Аллаһтан корккула, жеңишке жетээрсиңер”

Choose other languages: