Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Maeda Ayahs #9 Translated in Kyrgyz

5:5
الْيَوْمَ أُحِلَّ لَكُمُ الطَّيِّبَاتُ ۖ وَطَعَامُ الَّذِينَ أُوتُوا الْكِتَابَ حِلٌّ لَكُمْ وَطَعَامُكُمْ حِلٌّ لَهُمْ ۖ وَالْمُحْصَنَاتُ مِنَ الْمُؤْمِنَاتِ وَالْمُحْصَنَاتُ مِنَ الَّذِينَ أُوتُوا الْكِتَابَ مِنْ قَبْلِكُمْ إِذَا آتَيْتُمُوهُنَّ أُجُورَهُنَّ مُحْصِنِينَ غَيْرَ مُسَافِحِينَ وَلَا مُتَّخِذِي أَخْدَانٍ ۗ وَمَنْ يَكْفُرْ بِالْإِيمَانِ فَقَدْ حَبِطَ عَمَلُهُ وَهُوَ فِي الْآخِرَةِ مِنَ الْخَاسِرِينَ
Бүгүн силерге (бардык) таза нерселер адал кылынды. Жана китеп берилген элдердин тамагы силер үчүн, силердин тамагыңар алар үчүн адал кылынды. Жана силерге момун-мусулмандардын таза-пакиза аялдары менен китеп ээлеринен болгон таза (сойку эмес) аялдар(га үйлөнүү) адал кылынды. (Мунун шарты:) эгер махырын берип, зынаа кылбай, ойнош тутпай, ак никелеп алсаңар. Ал эми, ким ыйманга каапыр болсо,! анын амалдары (ибадаттары) күйүп кетет жана Акыретте зыян тартуучулардан болот
5:6
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِذَا قُمْتُمْ إِلَى الصَّلَاةِ فَاغْسِلُوا وُجُوهَكُمْ وَأَيْدِيَكُمْ إِلَى الْمَرَافِقِ وَامْسَحُوا بِرُءُوسِكُمْ وَأَرْجُلَكُمْ إِلَى الْكَعْبَيْنِ ۚ وَإِنْ كُنْتُمْ جُنُبًا فَاطَّهَّرُوا ۚ وَإِنْ كُنْتُمْ مَرْضَىٰ أَوْ عَلَىٰ سَفَرٍ أَوْ جَاءَ أَحَدٌ مِنْكُمْ مِنَ الْغَائِطِ أَوْ لَامَسْتُمُ النِّسَاءَ فَلَمْ تَجِدُوا مَاءً فَتَيَمَّمُوا صَعِيدًا طَيِّبًا فَامْسَحُوا بِوُجُوهِكُمْ وَأَيْدِيكُمْ مِنْهُ ۚ مَا يُرِيدُ اللَّهُ لِيَجْعَلَ عَلَيْكُمْ مِنْ حَرَجٍ وَلَٰكِنْ يُرِيدُ لِيُطَهِّرَكُمْ وَلِيُتِمَّ نِعْمَتَهُ عَلَيْكُمْ لَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ
О,ыйман келтиргендер! Эгер намазга камдансаңар жүзүңөрдү, анан колуңарды чыканакка чейин (чыканакты кошуп) жуугула жана башыңарга «масх» тарткыла жана да бутуңарды кызыл ашыгын кошуп жуугула. Эгер жүнүб (булганган) болсоңор -жуунгула. Ал эми, эгер оорулуу же сапарда, болсоңор же болбосо бирөөңөр ажатканадан келсе, же аялыңары сылап-сыйпаласаңар жана, (даарат же гусул) үчүн суу таппай калсаңар, таза жер кыртышына таяммум кылып (алаканыңарды уруп) аны менен бетиңерди анан колуңарды сылагыла. Аллаһ силерге машакат жаратууну каалабайт. Бирок, силерди тазартууну жана шүгүр кылуучу болушуңар үчүн силерге нээматтарын толук берүүнү каалайт
5:7
وَاذْكُرُوا نِعْمَةَ اللَّهِ عَلَيْكُمْ وَمِيثَاقَهُ الَّذِي وَاثَقَكُمْ بِهِ إِذْ قُلْتُمْ سَمِعْنَا وَأَطَعْنَا ۖ وَاتَّقُوا اللَّهَ ۚ إِنَّ اللَّهَ عَلِيمٌ بِذَاتِ الصُّدُورِ
Аллаһтын силерге берген нээматтарын жана “уктук, моюн сундук” деген мезгилиңердеги Аны менен убадалашкан убадаңарды эстегиле.! Аллаһтан корккула! Албетте, Аллаһ жүрөктөрдөгү сырларды Билүүчү
5:8
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا كُونُوا قَوَّامِينَ لِلَّهِ شُهَدَاءَ بِالْقِسْطِ ۖ وَلَا يَجْرِمَنَّكُمْ شَنَآنُ قَوْمٍ عَلَىٰ أَلَّا تَعْدِلُوا ۚ اعْدِلُوا هُوَ أَقْرَبُ لِلتَّقْوَىٰ ۖ وَاتَّقُوا اللَّهَ ۚ إِنَّ اللَّهَ خَبِيرٌ بِمَا تَعْمَلُونَ
О, ыйман келтиргендер! Аллаһ(тын ыраазылыгы) үчүн (сөзүңөрдө да, ишиңерде да) түз жана адилет туруп күбө болгула. Бир коомду жаман көрүүңөр, аларга адилетсиздик кылууга силерди мажбурлап койбосун! Адилет кылгыла! Ал такыбаага жакын. Аллаһтан корккула! Албетте, Аллаһ силердин ишиңерден Кабардар
5:9
وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ ۙ لَهُمْ مَغْفِرَةٌ وَأَجْرٌ عَظِيمٌ
Ыйман келтирип, салих (жакшы) амал кылгандарга Аллаһ кечирим жана улуу сооп-сыйлык болушун убада кылды

Choose other languages: