Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Maeda Ayahs #12 Translated in Kyrgyz

5:8
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا كُونُوا قَوَّامِينَ لِلَّهِ شُهَدَاءَ بِالْقِسْطِ ۖ وَلَا يَجْرِمَنَّكُمْ شَنَآنُ قَوْمٍ عَلَىٰ أَلَّا تَعْدِلُوا ۚ اعْدِلُوا هُوَ أَقْرَبُ لِلتَّقْوَىٰ ۖ وَاتَّقُوا اللَّهَ ۚ إِنَّ اللَّهَ خَبِيرٌ بِمَا تَعْمَلُونَ
О, ыйман келтиргендер! Аллаһ(тын ыраазылыгы) үчүн (сөзүңөрдө да, ишиңерде да) түз жана адилет туруп күбө болгула. Бир коомду жаман көрүүңөр, аларга адилетсиздик кылууга силерди мажбурлап койбосун! Адилет кылгыла! Ал такыбаага жакын. Аллаһтан корккула! Албетте, Аллаһ силердин ишиңерден Кабардар
5:9
وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ ۙ لَهُمْ مَغْفِرَةٌ وَأَجْرٌ عَظِيمٌ
Ыйман келтирип, салих (жакшы) амал кылгандарга Аллаһ кечирим жана улуу сооп-сыйлык болушун убада кылды
وَالَّذِينَ كَفَرُوا وَكَذَّبُوا بِآيَاتِنَا أُولَٰئِكَ أَصْحَابُ الْجَحِيمِ
Ал эми, каапыр болуп, Биздин (анык чындыкты чагылдырып турган) аяттарыбызды жалганга чыгаргандар Тозоктун гана элдери
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اذْكُرُوا نِعْمَتَ اللَّهِ عَلَيْكُمْ إِذْ هَمَّ قَوْمٌ أَنْ يَبْسُطُوا إِلَيْكُمْ أَيْدِيَهُمْ فَكَفَّ أَيْدِيَهُمْ عَنْكُمْ ۖ وَاتَّقُوا اللَّهَ ۚ وَعَلَى اللَّهِ فَلْيَتَوَكَّلِ الْمُؤْمِنُونَ
О,момундар! Аллаһтын силерге берген нээматын эстегиле: бир мезгилде, (душман болгон) коом кол салганда, Аллаһ алардын колун силерден тыйган эле. Аллаһтан корккула жана момун адамдар Аллаһка гана тобокел кылышсын
وَلَقَدْ أَخَذَ اللَّهُ مِيثَاقَ بَنِي إِسْرَائِيلَ وَبَعَثْنَا مِنْهُمُ اثْنَيْ عَشَرَ نَقِيبًا ۖ وَقَالَ اللَّهُ إِنِّي مَعَكُمْ ۖ لَئِنْ أَقَمْتُمُ الصَّلَاةَ وَآتَيْتُمُ الزَّكَاةَ وَآمَنْتُمْ بِرُسُلِي وَعَزَّرْتُمُوهُمْ وَأَقْرَضْتُمُ اللَّهَ قَرْضًا حَسَنًا لَأُكَفِّرَنَّ عَنْكُمْ سَيِّئَاتِكُمْ وَلَأُدْخِلَنَّكُمْ جَنَّاتٍ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ ۚ فَمَنْ كَفَرَ بَعْدَ ذَٰلِكَ مِنْكُمْ فَقَدْ ضَلَّ سَوَاءَ السَّبِيلِ
Аллаһ Исрайил урпактарынан бекем ант-убаданы алды. Жана Биз алардын он эки башчысын (ант менен мойнуна алган парыздарды аткаруусун көзөмөлдөөгө) жибердик. Аллаһ айтты: “Мен силер менен биргемин. Эгер силер намазды толук аткарып, зекетти берип, Менин пайгамбарларыма ыйман келтирип, аларды урматтасаңар жана Аллаһка жакшы карыз (садака) берсеңер, анда Мен силердин күнөөңөрдү өчүрүп, астынан дарыялар агып турган Бейиштерге киргиземин. Ал эми силерден кимде-ким ушундан (ант-убада бергенден) кийин деле, каапыр болуп кетсе, ал (билип туруп) түз жолдон адашыптыр

Choose other languages: