Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Maeda Ayahs #14 Translated in Kyrgyz

وَالَّذِينَ كَفَرُوا وَكَذَّبُوا بِآيَاتِنَا أُولَٰئِكَ أَصْحَابُ الْجَحِيمِ
Ал эми, каапыр болуп, Биздин (анык чындыкты чагылдырып турган) аяттарыбызды жалганга чыгаргандар Тозоктун гана элдери
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اذْكُرُوا نِعْمَتَ اللَّهِ عَلَيْكُمْ إِذْ هَمَّ قَوْمٌ أَنْ يَبْسُطُوا إِلَيْكُمْ أَيْدِيَهُمْ فَكَفَّ أَيْدِيَهُمْ عَنْكُمْ ۖ وَاتَّقُوا اللَّهَ ۚ وَعَلَى اللَّهِ فَلْيَتَوَكَّلِ الْمُؤْمِنُونَ
О,момундар! Аллаһтын силерге берген нээматын эстегиле: бир мезгилде, (душман болгон) коом кол салганда, Аллаһ алардын колун силерден тыйган эле. Аллаһтан корккула жана момун адамдар Аллаһка гана тобокел кылышсын
وَلَقَدْ أَخَذَ اللَّهُ مِيثَاقَ بَنِي إِسْرَائِيلَ وَبَعَثْنَا مِنْهُمُ اثْنَيْ عَشَرَ نَقِيبًا ۖ وَقَالَ اللَّهُ إِنِّي مَعَكُمْ ۖ لَئِنْ أَقَمْتُمُ الصَّلَاةَ وَآتَيْتُمُ الزَّكَاةَ وَآمَنْتُمْ بِرُسُلِي وَعَزَّرْتُمُوهُمْ وَأَقْرَضْتُمُ اللَّهَ قَرْضًا حَسَنًا لَأُكَفِّرَنَّ عَنْكُمْ سَيِّئَاتِكُمْ وَلَأُدْخِلَنَّكُمْ جَنَّاتٍ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ ۚ فَمَنْ كَفَرَ بَعْدَ ذَٰلِكَ مِنْكُمْ فَقَدْ ضَلَّ سَوَاءَ السَّبِيلِ
Аллаһ Исрайил урпактарынан бекем ант-убаданы алды. Жана Биз алардын он эки башчысын (ант менен мойнуна алган парыздарды аткаруусун көзөмөлдөөгө) жибердик. Аллаһ айтты: “Мен силер менен биргемин. Эгер силер намазды толук аткарып, зекетти берип, Менин пайгамбарларыма ыйман келтирип, аларды урматтасаңар жана Аллаһка жакшы карыз (садака) берсеңер, анда Мен силердин күнөөңөрдү өчүрүп, астынан дарыялар агып турган Бейиштерге киргиземин. Ал эми силерден кимде-ким ушундан (ант-убада бергенден) кийин деле, каапыр болуп кетсе, ал (билип туруп) түз жолдон адашыптыр
فَبِمَا نَقْضِهِمْ مِيثَاقَهُمْ لَعَنَّاهُمْ وَجَعَلْنَا قُلُوبَهُمْ قَاسِيَةً ۖ يُحَرِّفُونَ الْكَلِمَ عَنْ مَوَاضِعِهِ ۙ وَنَسُوا حَظًّا مِمَّا ذُكِّرُوا بِهِ ۚ وَلَا تَزَالُ تَطَّلِعُ عَلَىٰ خَائِنَةٍ مِنْهُمْ إِلَّا قَلِيلًا مِنْهُمْ ۖ فَاعْفُ عَنْهُمْ وَاصْفَحْ ۚ إِنَّ اللَّهَ يُحِبُّ الْمُحْسِنِينَ
Ант-убадаларын аткарбагандары себептүү (кийин) Биз аларга каргыш жаадырдык, жүрөктөрүн катырып салдык. Алар (Ыйык Китептеги) сөздү өз ордунан (башка маанидеги сөзгө) алмаштырып жиберишти. Жана алар өздөрүнө эскертилген нерседен (Тоораттан) бир (нече) эсесин унутушту. Жана да сен (о, Мухаммад), алардын бардыгын кыянаттын үстүндө табасың. Бир аз гана бөлүктөрү андай эмес. Сен алардыңн(н каталарын) кечирип кой. Аллаһ эхсан (жакшы амал) кылуучуларды сүйөт
وَمِنَ الَّذِينَ قَالُوا إِنَّا نَصَارَىٰ أَخَذْنَا مِيثَاقَهُمْ فَنَسُوا حَظًّا مِمَّا ذُكِّرُوا بِهِ فَأَغْرَيْنَا بَيْنَهُمُ الْعَدَاوَةَ وَالْبَغْضَاءَ إِلَىٰ يَوْمِ الْقِيَامَةِ ۚ وَسَوْفَ يُنَبِّئُهُمُ اللَّهُ بِمَا كَانُوا يَصْنَعُونَ
“Биз — насаараларбыз”! деген адамдардан да ант-убада алган элек. Алар дагы өздөрүнө эскертилген нерседен (Инжилден) бир бөлүгүн унутуп жиберишти! Натыйжада Биз алардын араларына тээ Кыяматка чейин (өз ара) душманчылык жана жек көрүүнү салып койдук. Аллаһ аларга жакында жасаган кылмыштарынын кабарын берет (жана ошого жараша азапка дуушар кылат)

Choose other languages: