Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Maeda Ayahs #31 Translated in Kyrgyz

وَاتْلُ عَلَيْهِمْ نَبَأَ ابْنَيْ آدَمَ بِالْحَقِّ إِذْ قَرَّبَا قُرْبَانًا فَتُقُبِّلَ مِنْ أَحَدِهِمَا وَلَمْ يُتَقَبَّلْ مِنَ الْآخَرِ قَالَ لَأَقْتُلَنَّكَ ۖ قَالَ إِنَّمَا يَتَقَبَّلُ اللَّهُ مِنَ الْمُتَّقِينَ
Аларга Адамдын эки уулунун кабарын окуп бер: Бир кезде экөөсү (Аллаһты ыраазы кылуу үчүн, кол астындагы нерселеринен) курмандык атап, ал курмандыктар биринен кабыл болуп, экинчисинен кабыл болбой калды. Ал (курмандыгы кабыл болбогон бала) айтты: “Мен сени өлтүрөмүн!”.! (Экинчиси) айтты: «Аллаһ такыба кишилердин гана курмандыгын кабыл алат
لَئِنْ بَسَطْتَ إِلَيَّ يَدَكَ لِتَقْتُلَنِي مَا أَنَا بِبَاسِطٍ يَدِيَ إِلَيْكَ لِأَقْتُلَكَ ۖ إِنِّي أَخَافُ اللَّهَ رَبَّ الْعَالَمِينَ
Эгер сен мени өлтүрүү үчүн кол салсаң да, мен сени өлтүрүү үчүн эч качан кол сунбаймын. Албетте, мен Ааламдардын Раббисинен коркомун
إِنِّي أُرِيدُ أَنْ تَبُوءَ بِإِثْمِي وَإِثْمِكَ فَتَكُونَ مِنْ أَصْحَابِ النَّارِ ۚ وَذَٰلِكَ جَزَاءُ الظَّالِمِينَ
Менин жана өзүңдүн күнөөң менен кайтып, (Акыретте) тозок “ээлеринен” болуп калышыңды мен каалаймын. Заалымдардын жазасы - ушул!»
فَطَوَّعَتْ لَهُ نَفْسُهُ قَتْلَ أَخِيهِ فَقَتَلَهُ فَأَصْبَحَ مِنَ الْخَاسِرِينَ
Кийин анын напсиси бир тууганын өлтүрүүгө көндүрдү жана аны өлтүрүп койду. Ошентип, ал (эки дүйнөсү) күйгөн адамдардан болуп калды
فَبَعَثَ اللَّهُ غُرَابًا يَبْحَثُ فِي الْأَرْضِ لِيُرِيَهُ كَيْفَ يُوَارِي سَوْءَةَ أَخِيهِ ۚ قَالَ يَا وَيْلَتَا أَعَجَزْتُ أَنْ أَكُونَ مِثْلَ هَٰذَا الْغُرَابِ فَأُوَارِيَ سَوْءَةَ أَخِي ۖ فَأَصْبَحَ مِنَ النَّادِمِينَ
Аллаһ ага бир тууганынын сөөгүн кандай көмүүнү үйрөтүү үчүн жер тыткан бир карганы жиберди. (Заалым баланын көз алдында эки карга тытышып, бири өлүп калат. Өлтүргөн карга дароо тырмагы менен жер чукуп, шеригин көмөт. Ошондо) ал: «О, шорум курусун!» Мен бир тууганымдын сөөгүн ушул каргачалык көмө албадымбы?” - деп бушайман кылуучулардан болду

Choose other languages: