Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Isra Ayahs #44 Translated in Kyrgyz

أَفَأَصْفَاكُمْ رَبُّكُمْ بِالْبَنِينَ وَاتَّخَذَ مِنَ الْمَلَائِكَةِ إِنَاثًا ۚ إِنَّكُمْ لَتَقُولُونَ قَوْلًا عَظِيمًا
(О, мушриктер) Раббиңер силерге уул перзенттерди тандап, Өзү периштелерди кыз кылып алыптырбы?!! Чынында, силер чоң күнөөлүү сөздү сүйлөп жатасыңар
وَلَقَدْ صَرَّفْنَا فِي هَٰذَا الْقُرْآنِ لِيَذَّكَّرُوا وَمَا يَزِيدُهُمْ إِلَّا نُفُورًا
Биз бул Кураанда аларга (түрдүү өкүмдөрдү) баян кылдык, эстерине келиши үчүн. Бирок, бул(баянд)ар алардын (чындыктан) качууларын гана көбөйттү
قُلْ لَوْ كَانَ مَعَهُ آلِهَةٌ كَمَا يَقُولُونَ إِذًا لَابْتَغَوْا إِلَىٰ ذِي الْعَرْشِ سَبِيلًا
Айт (о, Мухаммад) “Эгер алар айткандай Аллаһ менен бирге башка кудайлар бар болсо, анда алар Арштын Кожоюнуна (каршы, аны жеңүү үчүн) жол издешмек
سُبْحَانَهُ وَتَعَالَىٰ عَمَّا يَقُولُونَ عُلُوًّا كَبِيرًا
Аллаһ алар сыпаттаган нерселерден Бийик, Улук жана Аруу
تُسَبِّحُ لَهُ السَّمَاوَاتُ السَّبْعُ وَالْأَرْضُ وَمَنْ فِيهِنَّ ۚ وَإِنْ مِنْ شَيْءٍ إِلَّا يُسَبِّحُ بِحَمْدِهِ وَلَٰكِنْ لَا تَفْقَهُونَ تَسْبِيحَهُمْ ۗ إِنَّهُ كَانَ حَلِيمًا غَفُورًا
Аллаһка жети асман, жер жана алардагы бардык (жандуу-жансыз) нерселер мактоо менен тасбих айтышат. Бирок, алардын тасбихтерин силер түшүнбөйсүңөр. Чынында. Аллаһ Кеңпейил, Кечирүүчү

Choose other languages: