Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Hajj Ayahs #35 Translated in Kyrgyz

حُنَفَاءَ لِلَّهِ غَيْرَ مُشْرِكِينَ بِهِ ۚ وَمَنْ يُشْرِكْ بِاللَّهِ فَكَأَنَّمَا خَرَّ مِنَ السَّمَاءِ فَتَخْطَفُهُ الطَّيْرُ أَوْ تَهْوِي بِهِ الرِّيحُ فِي مَكَانٍ سَحِيقٍ
Аллаһка шерик келтирбей, ханиф (жеке Аллахка сыйына турган) абалда (ибадат кылгыла). Ким Аллаһка шерик келтирген болсо, ал асмандан кулап түшкөн! жана аны (жырткыч) куш тытып же болбосо шамал алыстарга учуруп кеткен сыяктуу
ذَٰلِكَ وَمَنْ يُعَظِّمْ شَعَائِرَ اللَّهِ فَإِنَّهَا مِنْ تَقْوَى الْقُلُوبِ
Ушундай. Ал эми, ким Аллаһтын нышан-белгилерин? (курмандык үчүн белек иретинде алынган айбандарды) аздектесе — бул жүрөктөрдүн такыбаалуулугунан
لَكُمْ فِيهَا مَنَافِعُ إِلَىٰ أَجَلٍ مُسَمًّى ثُمَّ مَحِلُّهَا إِلَى الْبَيْتِ الْعَتِيقِ
Силер үчүн аларда (белек-айбандарда) белгилүү мөөнөткө чейин пайдалануу бар.? Кийин аларды (союу) адал болгон жай — Эски Үйдүн (Каабанын?) айланасы
وَلِكُلِّ أُمَّةٍ جَعَلْنَا مَنْسَكًا لِيَذْكُرُوا اسْمَ اللَّهِ عَلَىٰ مَا رَزَقَهُمْ مِنْ بَهِيمَةِ الْأَنْعَامِ ۗ فَإِلَٰهُكُمْ إِلَٰهٌ وَاحِدٌ فَلَهُ أَسْلِمُوا ۗ وَبَشِّرِ الْمُخْبِتِينَ
Биз (мурдагы) бардык үммөттөргө, (Аллаһ) ырыскы кылып берген чарба айбандарын (мууздоонун) үстүндө Аллаһтын ысымын зикир кылуулары үчүн курмандык чалууга буюрганбыз. Демек, кудайыңар бир гана илах (Аллаһ). Эми, (Анын Өзүнө гана) моюн сунгула. (О, Мухаммад), сен (Аллаһка) берилгендерге (Бейишти) сүйүнчүлө
الَّذِينَ إِذَا ذُكِرَ اللَّهُ وَجِلَتْ قُلُوبُهُمْ وَالصَّابِرِينَ عَلَىٰ مَا أَصَابَهُمْ وَالْمُقِيمِي الصَّلَاةِ وَمِمَّا رَزَقْنَاهُمْ يُنْفِقُونَ
Алар ( Аллаһка берилген мусулмандар) качан Аллаһтын ысымы эскерилгенде (урмат жана коркуунун күчтүүлүгүнөн) жүрөктөрү титирейт. (Алар) Өздөрүнө жеткен нерселерге сабыр кылуучулар, намазды толук окуучулар жана Биз ырыскы кылып берген нерселерден ихсан-садака кылуучу адамдар

Choose other languages: