Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Hajj Ayahs #36 Translated in Kyrgyz

ذَٰلِكَ وَمَنْ يُعَظِّمْ شَعَائِرَ اللَّهِ فَإِنَّهَا مِنْ تَقْوَى الْقُلُوبِ
Ушундай. Ал эми, ким Аллаһтын нышан-белгилерин? (курмандык үчүн белек иретинде алынган айбандарды) аздектесе — бул жүрөктөрдүн такыбаалуулугунан
لَكُمْ فِيهَا مَنَافِعُ إِلَىٰ أَجَلٍ مُسَمًّى ثُمَّ مَحِلُّهَا إِلَى الْبَيْتِ الْعَتِيقِ
Силер үчүн аларда (белек-айбандарда) белгилүү мөөнөткө чейин пайдалануу бар.? Кийин аларды (союу) адал болгон жай — Эски Үйдүн (Каабанын?) айланасы
وَلِكُلِّ أُمَّةٍ جَعَلْنَا مَنْسَكًا لِيَذْكُرُوا اسْمَ اللَّهِ عَلَىٰ مَا رَزَقَهُمْ مِنْ بَهِيمَةِ الْأَنْعَامِ ۗ فَإِلَٰهُكُمْ إِلَٰهٌ وَاحِدٌ فَلَهُ أَسْلِمُوا ۗ وَبَشِّرِ الْمُخْبِتِينَ
Биз (мурдагы) бардык үммөттөргө, (Аллаһ) ырыскы кылып берген чарба айбандарын (мууздоонун) үстүндө Аллаһтын ысымын зикир кылуулары үчүн курмандык чалууга буюрганбыз. Демек, кудайыңар бир гана илах (Аллаһ). Эми, (Анын Өзүнө гана) моюн сунгула. (О, Мухаммад), сен (Аллаһка) берилгендерге (Бейишти) сүйүнчүлө
الَّذِينَ إِذَا ذُكِرَ اللَّهُ وَجِلَتْ قُلُوبُهُمْ وَالصَّابِرِينَ عَلَىٰ مَا أَصَابَهُمْ وَالْمُقِيمِي الصَّلَاةِ وَمِمَّا رَزَقْنَاهُمْ يُنْفِقُونَ
Алар ( Аллаһка берилген мусулмандар) качан Аллаһтын ысымы эскерилгенде (урмат жана коркуунун күчтүүлүгүнөн) жүрөктөрү титирейт. (Алар) Өздөрүнө жеткен нерселерге сабыр кылуучулар, намазды толук окуучулар жана Биз ырыскы кылып берген нерселерден ихсан-садака кылуучу адамдар
وَالْبُدْنَ جَعَلْنَاهَا لَكُمْ مِنْ شَعَائِرِ اللَّهِ لَكُمْ فِيهَا خَيْرٌ ۖ فَاذْكُرُوا اسْمَ اللَّهِ عَلَيْهَا صَوَافَّ ۖ فَإِذَا وَجَبَتْ جُنُوبُهَا فَكُلُوا مِنْهَا وَأَطْعِمُوا الْقَانِعَ وَالْمُعْتَرَّ ۚ كَذَٰلِكَ سَخَّرْنَاهَا لَكُمْ لَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ
(Ажы мезгилинде союла турган төө, уй сыяктуу) чоң денелүү чарба айбандарын да силер үчүн Аллаһтын белгилеринен кылдык. Анда силер үчүн жакшылык бар. Анан ал жандыкка тик турган абалында эле (бутуна тушоо салып коюп) Аллаһтын ысымын зикир кыла бергиле.! Эми, качан жамбашы менен кулаганда (жиликтеп) андан өзүңөр да жегиле, сураган-сурабаган кедейлерге да жедиргиле. Биз силерге аны (чоң келбеттүү жаныбарды) мына ушинтип моюн сундуруп бердик. Шүгүр кылсаңар ажеп эмес

Choose other languages: