Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Hajj Ayahs #34 Translated in Kyrgyz

ذَٰلِكَ وَمَنْ يُعَظِّمْ حُرُمَاتِ اللَّهِ فَهُوَ خَيْرٌ لَهُ عِنْدَ رَبِّهِ ۗ وَأُحِلَّتْ لَكُمُ الْأَنْعَامُ إِلَّا مَا يُتْلَىٰ عَلَيْكُمْ ۖ فَاجْتَنِبُوا الرِّجْسَ مِنَ الْأَوْثَانِ وَاجْتَنِبُوا قَوْلَ الزُّورِ
Ушулар (силерге баяндап берген шарият өкүмдөрүнөн кээ бирөөлөрү) Ким Аллаһтын шарият-өкүмүн урматтаса (аткарса) — бул иши Раббисинин алдында өзүнө жакшы. Жана силерге (Кураанда) окуп (санап) бериле тургандардан башка бардык төрт буттуу айбандар адал кылынды. Эми буттардан турган ыпластыктан жана жалган сөздөн алыс болгула
حُنَفَاءَ لِلَّهِ غَيْرَ مُشْرِكِينَ بِهِ ۚ وَمَنْ يُشْرِكْ بِاللَّهِ فَكَأَنَّمَا خَرَّ مِنَ السَّمَاءِ فَتَخْطَفُهُ الطَّيْرُ أَوْ تَهْوِي بِهِ الرِّيحُ فِي مَكَانٍ سَحِيقٍ
Аллаһка шерик келтирбей, ханиф (жеке Аллахка сыйына турган) абалда (ибадат кылгыла). Ким Аллаһка шерик келтирген болсо, ал асмандан кулап түшкөн! жана аны (жырткыч) куш тытып же болбосо шамал алыстарга учуруп кеткен сыяктуу
ذَٰلِكَ وَمَنْ يُعَظِّمْ شَعَائِرَ اللَّهِ فَإِنَّهَا مِنْ تَقْوَى الْقُلُوبِ
Ушундай. Ал эми, ким Аллаһтын нышан-белгилерин? (курмандык үчүн белек иретинде алынган айбандарды) аздектесе — бул жүрөктөрдүн такыбаалуулугунан
لَكُمْ فِيهَا مَنَافِعُ إِلَىٰ أَجَلٍ مُسَمًّى ثُمَّ مَحِلُّهَا إِلَى الْبَيْتِ الْعَتِيقِ
Силер үчүн аларда (белек-айбандарда) белгилүү мөөнөткө чейин пайдалануу бар.? Кийин аларды (союу) адал болгон жай — Эски Үйдүн (Каабанын?) айланасы
وَلِكُلِّ أُمَّةٍ جَعَلْنَا مَنْسَكًا لِيَذْكُرُوا اسْمَ اللَّهِ عَلَىٰ مَا رَزَقَهُمْ مِنْ بَهِيمَةِ الْأَنْعَامِ ۗ فَإِلَٰهُكُمْ إِلَٰهٌ وَاحِدٌ فَلَهُ أَسْلِمُوا ۗ وَبَشِّرِ الْمُخْبِتِينَ
Биз (мурдагы) бардык үммөттөргө, (Аллаһ) ырыскы кылып берген чарба айбандарын (мууздоонун) үстүндө Аллаһтын ысымын зикир кылуулары үчүн курмандык чалууга буюрганбыз. Демек, кудайыңар бир гана илах (Аллаһ). Эми, (Анын Өзүнө гана) моюн сунгула. (О, Мухаммад), сен (Аллаһка) берилгендерге (Бейишти) сүйүнчүлө

Choose other languages: