Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Baqara Ayahs #101 Translated in Kyrgyz

قُلْ مَنْ كَانَ عَدُوًّا لِجِبْرِيلَ فَإِنَّهُ نَزَّلَهُ عَلَىٰ قَلْبِكَ بِإِذْنِ اللَّهِ مُصَدِّقًا لِمَا بَيْنَ يَدَيْهِ وَهُدًى وَبُشْرَىٰ لِلْمُؤْمِنِينَ
Айт: “Кимде-ким Жебрейил(периште)ге душман болсо (анда, Аллаһтын Өзүнө душман! Анткени,) ал (периште) сенин жүрөгүңө, өзүнөн мурунку китептерди тастыктаган жана момундар үчүн Туура Жол, кушкабар болгон Кураанды, Аллаһтын гана уруксаты менен түшүргөн
مَنْ كَانَ عَدُوًّا لِلَّهِ وَمَلَائِكَتِهِ وَرُسُلِهِ وَجِبْرِيلَ وَمِيكَالَ فَإِنَّ اللَّهَ عَدُوٌّ لِلْكَافِرِينَ
Кимде-ким Аллаһка, Анын периштелерине, пайгамбарларына, Жебирейилге жана Мекаилге душман болсо, анда Аллаһ (ал) каапырларга албетте, душман
وَلَقَدْ أَنْزَلْنَا إِلَيْكَ آيَاتٍ بَيِّنَاتٍ ۖ وَمَا يَكْفُرُ بِهَا إِلَّا الْفَاسِقُونَ
Биз сага анык аян-далилдерди түшүрдүк. Эми аларга бузуку адамдар гана каапыр болушат
أَوَكُلَّمَا عَاهَدُوا عَهْدًا نَبَذَهُ فَرِيقٌ مِنْهُمْ ۚ بَلْ أَكْثَرُهُمْ لَا يُؤْمِنُونَ
Алар ар качан (Аллаһ Таалага) ант-убада беришсе, алардан бир бөлүгү (кайра) буза беришеби?! Чынында, алардын көпчүлүгү ыйман келтиришпейт
وَلَمَّا جَاءَهُمْ رَسُولٌ مِنْ عِنْدِ اللَّهِ مُصَدِّقٌ لِمَا مَعَهُمْ نَبَذَ فَرِيقٌ مِنَ الَّذِينَ أُوتُوا الْكِتَابَ كِتَابَ اللَّهِ وَرَاءَ ظُهُورِهِمْ كَأَنَّهُمْ لَا يَعْلَمُونَ
Качан аларга Аллаһ тарабынан алардагы нерсени (Тооратты) тастыктаган элчи (Мухаммад) келгенде, Китеп берилген адамдардан (көпчүлүк) бөлүгү Аллаһтын (Кураан) китебин билмексен болуп, аркасына таштап коюшту. Ким чындыкка көнбөсө, жалганга көнүп калат. Яхудийлер дал ушундай абалга туш болушту. Аллаһтын акыйкат китебин таштап коюшту эле

Choose other languages: